www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан бийлиги мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди жергиликтүү өндүрүштөн чыккан телевизорлорду сатып алууга мажбурлоодо. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 32 дюймдук “Толкун” аттуу телевизорлор 2400 манат (686 доллар) турат.

Жергиликтүү бийлик бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге телевизордун акысы үчүн ай сайын маянадан 500 манаттан (143 доллар) кармалып каларын эскертишти. Бирок телевизордун өзүн алар 2021-жылы январда гана алышат.

Түркмөнстандын башка региондорунда да мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери телевизор сатып алууга милдеттендирилди.

Түркмөнстан былтыр жыл соңунда смарт-телевизорлорду чыгарарын жарыялаган.

2018-жылы жайында түркмөн өкмөтү компьютер өндүрүүнү жолго койгонун, атүгүл 100 миң компьютер чыгарганын билдирген. Ошол эле жылы ноутбук жана планшет чыгаруу пландалып жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости