www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөн активистери Түркмөнстандагы COVID-19 курмандыктары жөнүндөгү маалыматтар камтылган вебсайт түзүштү.
Алар порталга коронавирустан өлгөн кишилердин саны, аты-жөнү, жаш курагы, дареги камтылган бейрасмий статистиканы жарыялоодо.
Бу сайтта ушул тапта COVID-19дан кайтыш болгон 18 кишинин аты-жөнү белгиленген.
COVID19TM вебсайтынын авторлорунун айтымында, Түркмөнстанда расмий түрдө вирустан өлгөндөр жөнүндө маалымат жок болгондуктан, дал ушул порталды түзүү зарылдыгы келип чыккан. Сайт элге көбүрөөк маалымат жеткирүүгө багытталган.
Сайттын түзүүчүлөрү түркмөнстандыктарды COVID-19 инфекциясынан өлгөндөр тууралуу маалыматтары бөлүшүүгө чакырууда. Бул үчүн порталда «Маалымат жөнөтүү» көзөнөгү бар.
RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары ушул тапта Түркмөнстандагы дээрлик ар бир үй-бүлөдө COVID-19 вирусуна чалдыккан же өлгөн кишилер бар экенин билдиришүүдө.
Өлкөдө вирус бар экенин тастыктай элек түркмөн бийлиги бул сайтта жарыяланган маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”