www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда калкты жапырт эмдөө башталды. Түркмөн пресс кызматы кабарлагандай, эмдөөдөн өтүү милдеттүү болуп эсептелет.

Ушул тапта жаштар, тобокел тобундагы кишилер жана кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өтүүдө. Эгер жаран эмдөөдөн баш тартса, ал башка кишилерге оору жугузса кылмыш жоокерчилигине тартыларынан кабардар экенин тууралуу тил кат жазышууда. Ошол эле маалда эмдөө кандай максатта жүрүп жатканы айтылган жок.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы бейтапканалардын биринен препараттын бош кутусун алууга жетишкен. Анда вакцина Түштүк Кореядан 2018-жылы чыкканы жана сасык тумоого каршы экени жазылган.

Түркмөнстанда быйыл сентябрда Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, СПИДди атайлап жуктуруу, эпидемиялык мүнөзгө ээ жугуштуу оорулардан дарылануудан качуу үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы каттала элек экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости