www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

“Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, - деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда.

Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости