www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда жугуштуу оорулардын тарашын алдын алуу үчүн чектөөлөр киргизилип жатат. Эми эл көп топтолгон жерлерде 2 метр аралык сакталышы зарылдыгын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Алардын айтымында, 1-августка чейин ири соода борборлору жана базарлар санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды. Ошондой эле көрсөтүлгөн убакытта кинотеатр, театр, парк, оюн аттракциондору, музей, сулуулук салон, чач тарач, мончо, тигүү ательелери, спорттук объекттер, оюн борборлору карантинге жабылды.

Өлкө жетекчилиги Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар бар экенин мойнуна албагшаны менен буга чейин темир жол каттамы жабылган. Ошондой эле мечиттер жабылып, жашоочуларга бет кап тагынуу сунушталган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ашхабаддын ооруканаларында күн сайын аз дегенде 50 адам каза болуп жатат. 

Ооруканалар бейтаптарга толуп, алардын баарына пневмония деген диагноз коюлууда. Кызматкерлер реанимациядан моргго сөөктөрдү ташып жетишпей калганын билдиришкен. Аны менен бирге өлүктөрдү салуучу мүшөктөр да тартыш болуп, анын айынан жансыз денелерди атайын хлор менен жуулган чүпүрөктөргө ороп көмүшүүдө. Мамлекеттин жетекчилери өз убагында керектүү каражаттар менен камсыз кылууну убада бергени менен жетишпей жатканы айтылды. 

Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комиссиясы аталган өлкөгө барышкан. Уюм тарабынан жиберилген комиссия Түркмөнстанда коронавирус бар экенин тастыктаган да, четке каккан да эмес. Бирок алар "мамлекетте коронавирус катталгандай иш-аракет жүргүзүүсү зарыл" деген жыйынтыкка келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости