www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сынынан кийин дээрлик баардык унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды.

Өкмөт жыйынында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов көп учурда иче турган сууну колдонгон унаа жуучу жана оңдоочу жайлар ИИМ тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын сындаган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, учурда айрым авто-механиктер унааларды жашыруун оңдоону улантууда, бирок бул ачыкка чыкса, 15 суткага камалышат.

Унаа жуучу жайлардын жабылышы менен айдоочулар олуттуу ыңгайсыздыктарга кабылышты. Түркмөнстанда кир автоунаа үчүн айыппул төлөнөт. Анын көлөмү – 100 манат (28,5 доллардын тегереги). Экинчи жолу кармалса 300 манат айыппул салынат.

Миңдеген унаа жуучу жана оңдоочу жайлардын иши кайра калыбына келер-келбесин Түркмөнстандагы расмий ММКлар кабарлаган жок. Өлкө бийлиги бул кырдаал боюнча түшүндүрмө бере элек.

Последние новости