www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркстанда 30 миңден ашуун киши көчүрүлдү

Өзбекстандын Сардоба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин Түркстан облусунун бир нече айлын суу катуу каптап, 30миңден ашуун тургун көчүрүлдү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Казакстанда жергиликтүү бийлик бул окуя үчүн Өзбекстанды күнөөлөп жатат. Казакстандык аткаминерлер коңшу өлкө бийлиги кырсык тууралуу жеткиликтүү маалымат берип, эскертпегенин билдиришүүдө.

Кырсыктын кесепетинен аймак 404 миллион теңге чыгымга учурады. 4-майда Түркстан облусунун башчысы Умирзак Шукеев абалды жөнгө салуу үчүн Өзбекстанга жөнөп кеткени белгилүү болду.

Дамбанын жарылышына эмне түрткү болгону так айтыла элек.

Кырсыктан кийин Өзбекстанда 70 миңдей киши көчүрүлдү. 4-майда Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эвакуациялык жумуштар учурунда сууга акканы белгилүү болду. Бирөө өлгөн, экинчисин издөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости