www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди 5-Май Конституция күнү менен куттуктайм.

Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин  өнүгүү  жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет.

Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.

Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн  пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.

Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости