www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал РИИБнин бардык өздүк курамы медициналык кызматчылар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу багытында иш алып барышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чаткал районунун аймагына кире турган жолдордо 3 санитардык-карантиндик пост орнотулган, ал постто милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар жана ӨКМнын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Мындан тышкары, райондун 4 айылында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор орнутулган, ар бир мындай постко укуктук тартипти камсыздоого милиция кызматкерлери бекитилген. Ошондой эле, жергиликттүү тургундарга үн чыгаруучу каражаттар аркылуу коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар берилип, жеке коргонуу эрежелерин сактап, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгуу, адамдар арасында аралыкты сактоо, бет кап кийүү, коомдук жайларга барбоо зарылчылыгы жөнүндө айтылууда.

Ал эми, Каныш-Кыя айылында короновирус илдетин жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, ал жерде милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте уюштурууда.

Бул аймакта, коронавирус илдетин жуктуруп алган бир нече адам дарыланууга жаткырылган аймактык ооруканага баруучу жолдордо 2 санитардык-карантиндик пост орнотулган, кирип чыккан автоунааларды жана жарандарды көзөмөлдөп текшерүү күчөтүлгөн, ошону менен бирге аймактын көчөлөрүн дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда, Чаткал райондук ИИБнин кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды жүргүзүүдө. Постто кызмат өтөп жаткан кызматкердер керектүү болгон жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Мындан тышкары, 5 маршрут боюнча жөө кайгуул жүргүзүү уюуштурулууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости