www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө сутка ичинде дагы 13 жаран коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Муну менен ооругандардын жалпы саны 843кө өстү. Маалыматты бүгүн, 5-майда өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ооругандар Бишкек шаарында – 8, Нарын облусунда - 5.

Эске салсак, 5-майга карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын ичинен бир бейтап каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн өткөн маалымат жыйында билдирди.

Каза болгон жаран 69 жашта болгон, ал Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан.

"Маркум коронавирус менен ооругандар байланшышта болгон. Ошондой эле андан пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости