www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздар коронавируска каршы күрөшүүдө аларга жардам берүүнү өтүнүшүүдө. Бул тууралуу алардын өкүлү Аким Кожоев билдирди.
Анын айтымында, аймакта коронавирустук инфекциянын алгачкы учурлары бир жума мурун аныкталган, бирок азырынча жардам көрсөтүлгөн жок.
«Илдетке чалдыккандардын экөөсү каза болушту. Бир нече киши ооор абалда. Жерге-Тал районундагы ооруканада тиешелүү адистер жок. Ооруканадагы жалгыз инфекционист адис өзү вируска чалдыккан. Медициниа кызматкерлеринин коргоочу костюмдары жок жана дары-дармектер жетишсиз”, - днди Аким Кожоев.
Эске салсак, Тажикстан узак убакыт COVID-19га чалдыккан учурлар жөнүндө кабарлаган эмес, оорунун фактылары расмий түрдө 30-апрелде тастыкталган. Бир нече күндүн ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 230 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.kg