www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 4-августта Жалал-Абад облусунун чек арачылары ИИМдин кызматкерлери менен бирге Өзбекстандын 2 жаранын колго түшүрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусунун Зангиата районундагы жаза өтөө мекемесинен 2 адам качып кеткендиги тууралуу маалымат алышкан. Анын натыйжасында кыргызстандык чек арачылардын жана ИИМдин кызматкерлеринин аракети менен Өзбекстандан качып кетүүнү каалаган 2 адам кармалган.
Кармалган адамдар Өзбекстандын тургундары: 1996-жылы туулган С.Х. жана 1991-жылы туулган А.Б. экендиги аныкталды. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Бел-Сөгөт аймагында мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда колго түшүрүлдү.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган 2 адам ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg