www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ, 6-февралда “Аль-Каида” террордук тобунун Аравия жарым аралыгындагы лидери Касим аль-Райми жок кылынгандыгын жар салды. Аны жок кылуу Йемен өлкөсүндөгү америкалык аскерлердин атайын операциясы учурунда болгон. “Райми карапайым йемендиктерге карата аёсуз мамиле жасап, америкалыктарга каршы чабуулдарды уюштуруп, жаңы муунду мыкаачылыкка үндөп, дем берип турган”, - дейт АКШ президенти.
Ошол эле учурда, Дональд Трамп Касим аль-Райми качан жана кандай жагдайда өлтүрүлгөндүгү тууралуу толук маалымт берген жок. Айрым маалыматтарга караганда Райми Йемендин Мариб шаарындагы учкучу жок аппараттын ракеталык сокуусунан улам мерт болгон.
Эске салсак, 2006-жылы Касим аль-Райми өзүнүн жакын тарапташтары менен Йемендин борбору Сана шаарындагы абактан качып, кийинчерээк террордук топтогу таасирдүү адамдардын бирине айланган.
Булак: NazarNews.kg