www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экөө тең катуу уктап кетишкен экен, үнсүз абалдагы телефондун дырылдагынан ойгонуп кетсе, терезеден сырт жак кадимкидей күүгүм тартып калыптыр. Коюу, калың кара чачы бүт жаздыкты каптап уктап жаткан Клара дагы ойгонуп, - Байке кеч кирип кеткен турбайбы деп, ордунан турууга камынды эле, карылуу кол Клараны имере тартып, ал жигитттин кучагында калды.

Бир нерсе айтайын деген келиндин оозун басып, Темир бүгүн эмес деп акырын кулак түбүнөн өбө шыбырады... Шаша- буша кийинишип, бөлмөнүн ичин ирээтке келтирип, дачаны бекитип жатса Дима байке бир баштыкка толтура бүлдүркөндү түшүмдүн алды ооз тийгиле деп Темирдин колуна карматты.

Кыраакы чал Клараны бир сыйра сыдыра тиктеп, кошунасына акырын көз кысып койду. Клара телефонун күйгүзөөрү менен звонок келди, күйөөсү экен. 

- Маршруткадамын, азыр келем, кыска сүйлөп телефонду өчүргөн келиндин өңү кубара түштү. Ортодо сөз уланбай, шаарга кире бериш жерден байке мен ушул жерден эле түшүп калайын дегенине макул болбой, үйүнө чукулдатып барып, артына бурулуп Клараны имере тартып “Жаным жоголбо, мен эми сенсиз жашай албайм”- деп бетинен өптү.

Жүзү албырган боюнча бүгүнкү чагылгандай тез болуп өткөн окуядан жыйынтык чыгара албай, Клара машинадан бат эле түшүп, караңгыга сүңгүп кетти. Темир кандайдыр бир күч бүткүл оор нерселерди алып салгансып, өзүн жаш баладай сезди.

Кыңылдап ырдап үйүнө келди, чечинип бакчасындагы жарыкты күйгүзүп келинчеги өстүргөн гүлдөрдүн бирин калтырбай сугарып, көзүнө күндө көрүп жүргөн бул гүлдөр бүгүн өзгөчө сүйкүмдүү эле. Дарбазанын кичинекей эшиги ачылып, каяктандыр келген келинчеги сырлуу көз караш менен карап “Үйдөсүңбү, эрте келгенсиң го”- деп, чымчып өттү.

Көп жыл чогуу жашаганданбы же башка сыры барбы, келинчеги Темирдеги өзгөрүүнү бир сыдыра кароо менен билип коет. Айрыкча майрамдап келип, канчалык билгизбейин дегени ойрон чыгып калган күндөрүн эстеп кетти. Кечки тамакта баардыгы чогуу көңүлдүү олтурушту. Кино көрүп жатып уктап кетиптир,түшүндө энеси маңдайына олтуруп алып бир нерсеге нааразы болуп “Качан айтканды угасың, жакшы жүр, алтындай болгон балдарың бар “тооба”кылбайсыңбы деп айтып келип, колундагы таягы менен колтукка түртүп- түртүп алды. Ойгонсо келинчеги башын көтөрүп өзүн карап туруптур “Эмне жаман түш көрдүңбү, аябай кыйналдың го”- деди.

Эч нерсе айтпай, башка капталына оодарылып “бул эмнеси, баягында да ушундай ишаарат болду эле”- деп бир топко уктай албай жатты. Бала кезинен эле эмнегедир чоң энесине ынак болуп, ал каякка барса этегине эрмешип чоңойду. Башка неберлерине караганда Темирди жакшы көрүп, байбиче каякка барса да курут, момпосуй, эт, боорсок кылып катып ушул кара томологуна берет. Түнкүсүн койнуна алып жатып, тээ бир оокумга чейин жомок айтып, уктап кеткен небересин кымтып жаап кудайга жалынып өмүрүн сурайт. Темирге атасы жумуш тапшырса аны менен кошо көң ташып, чөп жыйнап убара, иши кылса небереси кыйналбаса болгону. Мурда да туура эмес иш кылса, арак ичсе түшүнө кирип, баш жагына балпайып олтуруп алып бир нерселерди ишаарат кылат. Тилин укпай, өз билгенин кыла берсе бир топко дейре жоголуп, өзүнө келгенде “мени укпай койдуңбу”- дегендей таарынып элес- булас болуп түшкө кирет.

Бир нерсени туура эмес кылып жатам го?- деген суроону өзүнө берген менен Клара жөнүндө эч нерсени боюуна жууткусу келбейт. Эртеси жумушка баш багып, командировканын документтерин бухгалтерияга өткөрүп, кыңылдап ырдап көңүлдүү жүрдү. Жада калса баскан сайын теше тиктеп, ичтеги ызасын кайда батыраарын билбеген тигил ичине таруу айланбаган “досу” менен дагы ысык учурашты. Жумуштарын бүтүп, улам телефонун карап коет, Клара чалган жок. Түш оогонго чейин “Балким кечээки иштен кийин уялып калса керек”- деп, чыдабай кетип чалса, сүйгөнүн телефону өчүк. Компьютерин ачып, алаксымыш болгону менен оюнун баары башкада эле. Улам- улам чалып, кеч киргизди. Оюуна ар нерселер кетти.

“Эмне болду? күйөөсү бир нерсени билип калдыбы”. Эки күн такыр телефон албаганынан Темир жумушунда кечке кармалып, атайын күүгүм аралаш тааныш күркөнү сүзө качырып токтоду. Муну күтпөгөн Клара жанында көздөрү өзүнүкүнө окшош тептегерек, карагат көздүү уулу менен эрмектешип олтуруптур. Темир сыр билгизбей ар- нерсе алган болуп, “Эмне болду, дайның чыкпайт го”- деп суроо салды.

- Байке, сизге чала албай, эртең жолукканда баарын айтып берем. Телефонум жок, чала албай аттым. Саат 3тө ЦУМдун алдында болом.

Сталбек Абдраев

Булак:NazarNews.kg

Последние новости