www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып БШКга кайрылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесин каттоого албоону суранат. Саясатчынын пикиринде, БШКга берилген талапкерлердин тизмеси курултайда кабыл алынган тизме эмес.

Турсунбай Бакир уулу алгач тизмеде 18-орунда болсо, кийин ал 22-орунга жылып калган.

«Бул шайлоо мыйзамдарын орой бузуу. Курултайда кабыл алынган тизме өзгөрбөшү керек», — дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости