www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Турсунбай Бакир уулу менен айрым саясий жагдайлар боюнча пикир алыштык.

 -БШКнын кысымга карабай шайлоо күнүн жарыялаганы боюнча кандай пикирдесиз?

-Деги шайлоо боюнча негизги конституциялык орган - БШК. Шайлоону Жогорку Кеңеш өз убактысында дайындабаса,  анда БШК шайлоо күнүн өзү белгилейт. 

- БШК бийликке баш ийбей жатабы же  мыйзамдын талаптарын аткарууга аргасыз болуп  жатабы?

-БШКнын чечимин көз-карандысыз сот гана жокко чыгара алат. Бирок, алардын жумушу бүгүн гана эмес, түзүлгөн убактан  бери эле  чоң күмөн жаратып жатат го.  Эсиңерге кечээ эле башымдан өткөн нерсени салсам - ЭрК партиясы чындыкты БШКдан да, соттон да таппады. Мыйзамды жана өзүнүн курултайынын чечимин одоно бузган партия шайлоого катышпадыбы! Эми болсо БШК өткөн шайлоодогу  күнөөсүн сезип, баары бир кетээрин  билип, кетээрде «красиво» кетели деп мыйзамды так аткарганын  коомчулукка көрсөткүсү келип жатат.

- Референдумдан мурун президенттик шайлоо болгону туура эле болобу?

-ЭрК партиясы өзүнүн позициясын сурап жаткан маселелериңиз боюнча 5-октябрдан бери эле ачык билдирип, 12-октябрь күнү премьер-министрдин коомдук кабылдамасына да Садыр Жапаровго ушул маселе боюнча кабыл алуусун жазуу түрүндө суранып таштап кеткенбиз. 

Биздин сунуштарыбыз төмөнкүчө болчу: 

1) Жогорку Кеңешти таратуу.

2) Конституциялык Кеңешмени түзүп, чукул убакытта элдин талаптарын конституцияга киргизип, референдумга алып чыгуу.

3) Бир мандаттуу шайлоо аркылуу жаңы Жогорку Кеңешти түзүү. 

4) Ошонон кийин президенттин отставкасын кабыл алуу, жаңы президенттик шайлоону жүргүзүү.

5) Жаңы өзгөрүлгөн Конституция боюнча эл шайлаган жаңы президент жаңы Жогорку Кеңеш бекитип берген жаңы Өкмөттү башкарып, аткаруу бийликтин жетекчиси болуп анын ишине керт башы менен жооп берүү...

-Баса, Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетсе, мамлекет укуктук туңгуюкка кабылып калаарын айрым эксперттер айта баштады. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

-Эгер ЭрК партиясын сунуштарына Садыр Жапаров убагында кулак салганда бүгүнкү кырдаал түзүлмөк эмес. Тагыраагы, Садыр Жапаров өкмөт башчысы катары президенттик шайлоого баш оорусуз катышмак! 

Азыркы Жогорку Кенешке элдин ишеними жок, анткени ал да азыр элдин нааразычылыгын туудургандай балит шайлоо жана партиялык тизме аркылуу бийликке келген. Сиз айткан туңгуюктан иштөө мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровго жол көрсөтүмүш болуп жатат. Бирок, анын чечимдери канчалык легитимдүү деген суроо да туулуп жатат. Эмне үчүн БШК дайындаган 10-январдагы президенттик шайлоо менен макул болушуп, 20-декабрга ошол эле БШК дайындаган чечимди жокко чыгарышты?! 

Орустардын бир макалын Садыр иниме эстетип коюуга аргасызмын: «Благими намерениями дорога в Ад вымощена». Ишенбе Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына, ишенбе!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости