www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Турсунбай Бакир уулуна байланышып, депутат Айнуру Алтыбаеванын демилгеси боюнча пикирин уктук.
-Турсунбай мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Кытайдан алган тышкы карызды эл төлөшү керек деген оюн айтыптыр. Сиз бул демилгени колдойсузбу?
- Жок, колдой албаймын. Биз коррупционерлерди өтө эле эркелетип жибердик. «Каалашыңча жей бер, урдай бер, менчигиңди аялына, туугандарына, кайын журтуңа, тай журтуна жаздыра бер! Соттон кийин биртке олтурасың, анан үй-камагына же таптакыр бошотуп алабыз, ошондон кийин байлыгын өзүнө жана бала-бакыраңа кала берет!» деп коррупционелерге үйрөткөндөр бардай сезилип жатат.
Менин жарандык пикирим: коррупционерлердин болгон “особняктарын”, унааларын, башка мүлктөрүн аныктап, аукциондон аларды сатып, атайын Кытайга карызды төлөө үчүн ачылган эсепке түшкөн акчаларга кошуп, болушунча ушул жол менен акчаны топтоо жана карызды төлөө!
Жетпей калган акчаны биз элден суранып топтоп төксөк болот. Бирок дароо эле «эл төлөсүн!» деген ураан менен чыксак адилеттүүлүк кайда калат?! Мамлекеттик бийлик жаңылангандан кийин күчүн көрсөтүүгө абзел! – деди Турсунбай Бакир уулу.
Булак: NazarNews.kg