www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Турсунбай Бакир уулу менен  Исхак Масалиев тарабынан айтылган   сөздөр боюнча жана ал талап кылып жаткан тизме тууралуу баарлаштык. 

-Турсунбай мырза, Исхак Масалиев сизди жалган айтты, окуянын баары ал айткандай эмес деген маанайда  оюн айтыптыр. "Бүтүн Кыргызстан" абийирибизди кетирбесин деп Масалиевдин оозу менен айттырып жатабы же ал окуянын чоо-жайын билбей эле сизге каршы сүйлөп жатабы?

 - Масалиевдин антип  айтканына таң калбаймын. Себеби,  анын орду тизмеде өзгөрүлгөн жок жана аны Адахан досу тизмеден чийип салган жок. Исхак Масалиев тизмеде калганына сүйүнүп ошого ыраазы болуп азыр ар нерсени айта берет. Шайлоо ага казинодой көрүнүп жатат го. Бирок баарыбыз терең сыйлаган анын атасы маркум Апсамат акедей таза, чынчыл, чыныгы коммунист болгондо ал мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк тарапты талашмак. Орустар айткандай: «На нет и суда нет!» дегендей коммунистердин жетекчисин Кудайга салдым.
Биринчиден, Адахан менден 200 миң $ сурады деп айтканым жок. Партиямдын тизмесине кошулунуз деп биринчи жолу чакырганда «акча дебеймин, электоратыңыздын добушун алып берсеңиз эле болду» деген. Экинчи жолу алдыңкы двадцаткага кире тургандарды топтогондо, Исхак өзү тастыктагандай, шайлоого катышуу үчүн төгүлө турган 5 млн. сомду алдыңкы жыйырмага киргендер 250 мин сомдон «солидарно» төгөлү, кийин шайлоодон кийин ал акчаны кайтарып аласыңар. Калган акчаны шайлоо фондуна төгөсүңөр деген. Баары болуп ар биринден 10 миң доллардан» деп айтты. Ошондо Ө.Суваналиев экөөбүз гана «андай акчаны таба албайбыз го, бирок 250 миң сомдон төгөбүз» деп айтканбыз.
Андан кийин Адахан шайлоо фондуна мүмкүнчүлүгүнөргө карап төккүлө дегенде биринчилерден болуп мен сүйүндүм. Андан кийин акча жөнүндө сөз болгон жок...

-Курултайдагы тизмени өзгөртүп салыптыр деп чырылдап жатасыз. Ал тизмеде канчанчы орунда элеңиз?

-Курултайда түзүлгөн  талапкерлердин тизмесинде мен 18-орунда болчумун. Ал жерден  алдынкы 20 талапкердин ысмы аталган. Адахан  «калгандарды окубай эле коёюнбу? Анда добуш берүүгө өтөлү» дегенде  добуш бердик. Жыйынтыгы: 84 делегат - «макул», бироо эле «каршы добуш бериптир».
Эртеси «курултай бекиткен тизмени өзгөртүп жатышыптыр» деген кабар келди. Түнү менен Адаханга чоң смс жаздым: эмне үчүн тизме өзгөрүлүп жатат, коррупционерлерди жана «чимкириктерди» ала көрбөгүн деп. «12:00 дө күтөмүн, келиңиз» деп жазыптыр. Барсам, кабинетинде тизмелерди жайып алып Темир Сариев менен Курсан Асанов отурушуптур, алардын жанында Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев жана Мурат Малабаев турушуптур. Анан, мени чакырыпсың, келдим десем. Адахан айтып калды «Туке, сиздин ордуңузду жылдырдык, азыр 22-болуп калдыңыз» деп. «Эмне үчүн жылдырдыңар? Кечээ курултайда мени биринчи «двадцаткада» кошуп, делегаттар аны бекитип добуш берди эле го?» десем, ал «шайлоого чоң суммадагы акча керек болуп жатат. Ошондуктан сизди жылдырдык» деп айтты. Ушул жерде Темир Сариев үн катты: «Ажыке, туура түшүнүңүз, штабдарга жана агитаторлорго акча керек” деди…

-Сариев тизме түзүп отурса, неге ал жактан кетип шайлоого катышсам турган болуп калды?

-Аны да Адаханга кийин айттым. Экөөбүздүн талашкан бир маселе чечилиптир: Сариев кетиптир го десем унчукпай койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости