www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен президенттин ыктыярчыларды кабыл алганы жана коронавирусту кандай ыкмалардын жардамы аркылуу жеңгени боюнча баарлаштык. 

-Турсунбай мырза, президент ыктыярчыларды кабыл алып көңүлүн көтөрөйүн дедиби же чындап абалдын кандай экенин ошолордун оозунан уккусу келдиби?

-Ажо алардын эмгегин баалаганын көрсөттү.

-Баса, коронавируска кабылгандардын бири иттин этин жеп сакайдым десе, экинчиси иммунитетти көтөрөм деп жылкынын этин жеп, сүтүн ичип жатыптыр. Сиз бул илдетти жеңүү үчүн эмне жеп, эмне ичтиңиз?

-Үйдө Ош менен Нарындын эң мыкты тамактары жасалып турат! Мөмө-жемиште витамин көп, иммунитет көтөргөнгө эң жакшы жардам берет деп муздаткычты толтуруп койсом, эртеси «койдун этинен шорпо куч-кубат берет, иммунитетти сонун бекемдейт!» деп жубайым казанга эт салып коёт.

Ушинтип табигый тамак-аштарды жеп жүрөбүз. Үй-бүлөбүз экиге бөлүнгөн: чөп жей турган оштуктарга жана эт жей турган нарындыктарга. Бул зыянсыз «трайбализм».

-Коронавирус канды коюлтуп жибергенде хижама кылдырып, жаман кандарды алдырса, илдетти оңой жеңет деген да маалыматтар чыгып жатат. Бул ыкмага ишенсек болобу?

-Пайгамбарыбыз Мухаммедден келген сүннөттөргө сөзсүз ишенишибиз жана амал кылышыбыз керек. Алла-Тааланын кудурети ушунчалык күчтүү жана таң калыштуу: алынган кандын ордуна жаны кан пайда болуп, денебизде чуркап турат. 

Ооба, эгер дарыгериңиз жана медициналык көрсөтмөлөрүңүз каршы болбосо, анда хижама жасатып, арам кандан денеңизди тазаласаңыз жыргап эле каласыз.

-Коронавирустун дарысы чеснок, имбирь, хрен, лимон кошулган тундурма. Ошону ичсе, илдеттен сакайып, вирустар өлөт деген пикирлер да бар. Бул ыкманы колдонуп көрдүңүзбү? 

-Ооба, хренден башка бардык ыкмаларды колдонуп көрдүм жана колдонуп жүрөмүн. Чайга имбир же лимон сөзсүз салынат. Сарымсак менен пиязды тамакка да кошуп, өзүн да чийки жеп турабыз - үйүбүздө алардан пайда болгон жыттан коронавирус да, бөлөк вирустар да заматта жок болушат!

Мен жогорудагы ыкмаларга  өсүмдүктөн жасалган капсулаларды кошуп коймокмун: күнүнө 2-3 маал кыст-аль-хиндини, кара зирени (тмин), Меккенин сеннасын, хельбаны жана пальманын пыльцасынан ичип коёбуз - аларда химия аралашпаган, бардыгы адамдын иммунитетин көтөрөт.

-Сыр болбосо, коронавирусту канча күндө  жеңдиңиз?

-Жубайым 7 күндө, мен 8 күндө жеңдим.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости