www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбай Бакир уулу: “Матраимовду сот күнөөлүү десе гана кылмышкер дей алабыз”, деп өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Мен трайбалист эмесмин. Бирок Кара-Суулук экенимден чанбайм. Ооба, Матраимовдор жердешим болуп кетишет экен - коңшулаш айыл өкмөттөн. Бирок Кара-Суу районунун калкынын саны Нарын жана Талас облустарынын калкынын саны менен тең! Жүз миңдеген жердештерим бар. Кээде «”Раим-миллион” жердешиңиз болот, ошол үчүн аны камалсын деп айталбай жатасыз!» деген айыптоолор да мага коюлуп жатат. Райымбекти мен 4-5 жыл мурда Ош-Бишкек учагында биринчи жолу көрдүм. А экинчи жолу быйыл Абдугапаров Абибилла агамдын жылдыгында көрдүм. Жердешчиликтен танып, тергөө жана сот органдардын чечимин күтпөй мен да аны жамандагандардын хоруна кошулуп алышым керекпи?!
Анда жалаа жабуучулардын, курук дооматчылардын, гыйбат жасагандардын бири болуп калып Акыретимди татаалдаштырып албаймынбы?! Тергөө амалдар аяктап, кылмыш иш сотко өтүп, сот аны күнөөлүү деп тапкандан кийин гана аны кылмышкер, коррупционер деп айталабыз.
Алмаз Атамбаев «Райым-миллион» деп бир нече жолу айтканынан кийин гана анын ушундай кличкасы бар экенин угуп калдым.
Инстаграммдагы @ismail_ata фондунун баракчасына бүгүн атайын кирип, кимге жардам берип жатканын көрүп чыктым. Мамлекеттен жардам ала албагандар, Кыргызстанда жашап жаткан түрдүү улуттардын өкүлдөрү алып жатышыптыр. Эмнеси жаман?
Элди теңине көрбөй, Акыретин ойлобой байып-чирип жашагандарды да көрүп жүрөбүз. Байлыгынын бир бөлүгүн элге зекет катары, садака катары берип жашап жаткан болсо - эмнеси жаман! Соттон канча адам акталып чыгып жатканын өзүңөр да көрүп жатасын.
Ооба, бизде байларды жаман көрөбүз. Алардын ичинде бой көтөргөндөр, менсирегендер, текеберлер, сараңдар арбын. Байлыгын арам жол менен чогулткан болушса - бул дүйнөдө мыйзам астында, Акырет күнү болсо - Аллахтын астында жооп беришет! Бирок ким кандай байыганын гыйбат, ушак, курук дооматтын негизинде саясий курал катары колдонгону эмес, а тергөө амалдардан жана соттун чечиминен кийин так айтсан туура болмок. Мисалы, түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткен А.Батукаевдин кылмыш иши эми гана аяктады, иш сотко ашып жатат. Же Бишкектеги ТЭЦ жана тарых музей жонундо тергоо амалдар буто элек. Укуктук мамлекетте баардык иштер мыйзамдуу болуш керек же мыйзамга карабай баш аламандык режим астында жашашыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg