www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилек Токтогазиев 9-октябрдагы баш аламандыкта эмнеге бронежилет кийип алганын жана аны ким бергендиги  тууралуу маалымат жыйында айтып берди.

Министрдин айтымына караганда, башаламандык күндөрү аны куралчан адамдар аңдып жүргөндүктөн бронежилет кийүүгө мажбур болгон.

“Ошол күнгө чейин менин артыман 2-3 күн куралчан адамдар аңдып жүрүшкөн бул факт. Кимдер экенин билбейм. Ошол күнү дагы куралчан 2 киши жүргөн. Темир жол бекети жакта турганда биздин тарапташтырыбыз жан сакчыларды бөлүп берген. Ал эми ылдый бара жатканда сакчылар көзөмөлдөй албай калуусу мүмкүн деп мага бронежилет кий дешкен. Мен чынында билбейм ким берди. Ал жердеги көп адамдардын бири келип, куралчан эки киши жүрөт на всякий случай кийип ал деп  берген”, – дейт Токтогазиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости