www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жетим-Тоону өзүбүз иштете албасак, сатып түгөтпөй, небере-чеберелерибизге калтырганыбыз оң», - деди бүгүн, 16-августта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

- Турсунбай агай, президенттин Жетим-Тоо боюнча кайрылуусу элдин талабын эске алганын далилдейби?

- «Жетим-Тоо» боюнча Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп биздин талап анда эске алынганына кубандык. Азыр өзүбүз иштете албасак, болочок муундар иштетсин! Келечекти, урпактарды ойлобой бардык нерсени тонобой, сатып түгөтпөй, небере-чеберелерибизге калтырганыбыз оң», - деди.

Эске салсак, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады. Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоодо 5,5 млрд тоннадай темир запасын мамлекеттин жеке өзү иштетүү ниети бар экенин билдирген.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости