www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы кырдаал АКШнын жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатканын көрсөтүүдө. Бул туурасында Орусиянын президенти Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча Москвадагы X конференцияда билдиргенин РИА Новости жазды.
Ошондой эле ал АКШ Украинадагыдай эле аракеттери менен Азия, Африка жана Латын Америкасындагы жаңжал чыгуу кооптуулугу бар өлкөлөрдүн ортосуна май чачып жатканын белгилеген.
Ал эми Батыш өлкөлөрү максаттуу түрдө европалык коопсуздукту бүлүнтүп, НАТО Чыгышты көздөй жылып жатканын айткан.
"Жамааттык Батыш максаттуу түрдө Европа коопсуздугундагы системасын бүлүнтүп, жаңы аскердик альянстарды ортого киргизүүдө. НАТО блогу Чыгышка жылып баратат, өзүнүн аскердик инфраструктурасын өнүктүрүүдө, анын ичинде ракетага каршы коргоонуу системасын орнотуп, чабуул жасоочу күчтөргө сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда", — деди Путин.
Буга кошумча, Орусия лидери мындай аракеттер текебердик менен Европанын коопсуздугун бекемдөө үчүн деп айтып жатышканын, бирок иш жүзүндө тескерисинче болуп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg