www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крымдын Майского айылына жакын жерде жарылуу болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт трансформатордук көмөкчордондун аймагында чыккан. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Ок-дарылар сакталган кампада да жардыруу болгон. Бул тууралуу конуштун администрациясы тастыктады. Майское айылынан 2 миңдей тургун эвакуацияланды. Жерине Крымдын башчысы Сергей Аксенов жөнөп кетени айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2 жабырлануучу бар.

«Учурда жардыруу уланууда. Карапайым калктын арасында эки жабырлануучу бар, алардын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт. Жашоочуларды эвакуациялоо, беш чакырымдык зонадан чыгарылган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Россиянын гвардиясынын, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күчтөрү тартылып жатканы айтылды», — деди Аксенов өзүнүн Telegram каналында.

Крым жарым аралынын күч түзүмдөрү Жанкойдогу трансформатордук көмөкчордон "катуу жарылуудан кийин" күйүп кеткенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости