www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбай Бакир уулу журналисттен кечирим сурайбы?

Ленин райондук соту журналист Лейла Саралаеванын экс-депутат Турсунбай Бакир уулуна карата берген доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Ага ылайык, Бакир уулу Саралаева тууралуу мурда жазганын өчүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу журналист Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Турсунбай Бакир уулунан моралдык зыян катары 1,5 млн сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөнүн, бирок сот ал өтүнүчүн канааттандырбаганын билдирген.

"Адилеттүүлүк акыры жеңди! Турсунбай Бакир уулунун эл алдында кечирим суроосун жана мен тууралуу жазгандарын төгүндөөсүн күтөм! Моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн кайра арыз берем!” — деп жазган Саралаева.

«Кыргызстандын жаңы жүздөрү» сайтынын негиздөөчүсү, журналист Лейла Саралаева 2023-жылы №21 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Ал былтыр декабрда өзүнүн атаандашы Турсунбай Бакир уулун сотко берип, анын Фейсбуктагы жазгандары үчүн 1,5 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бакир уулу социалдык тармактагы баракчасына "Саралаева экс-президент менен жакын мамиледе", деген өңүттөгү билдирүү жазган.

Последние новости