www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интерпол издеп жаткан адам кармалды

Босния жана Герцеговинада Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Босния жана Герцеговина ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш - чараларынын натыйжасында, 2024-жылдын 6-сентябрында Сараево шаарында Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөнүн фигуранты - КР ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1984-жылы туулган М.М. кармалган.

MM. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинде (ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенттүү бөлүмдөрү тарабынан издөөдө жүргөн.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү О.М. («Карышкыр» лакап аты) жетекчилиги астында, М.М. «смотрящийдин» милдетин аткарып, Москвадагы жана Москва областындагы мекендештерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылган.

Шектүү 2015-жылы Москва шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган, бирок, Россия Федерациясынын жарандыгын алганына байланыштуу ал Кыргыз Республикасына экстрадициялоодон качып кеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кармалган адамды Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн тиешелүү маалымат жөнөтүлгөн.

Последние новости