www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо, сатуу жана мыйзамдаштыруу менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 10 жылдан бери жасалма документтерди колдонуу менен жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатканы аныкталган.

Кылмыш схемасына Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери У.Х., айыл өкмөтүнүн орун басары М.Ж., жер маселеси боюнча адис И.З., жергиликтүү кеңештин учурдагы төрагасы А.Э. жана Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетектөөчү адиси А.Р.нын катыштыгы болгон.

Аталган адамдар жасалма документтерди жана өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуу менен басып алынган жерлерге укук белгилөөчү документтерди мыйзамдаштырышкан.

Мындан улам, 4-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдардын жашаган жерлери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка катышы болушу мүмкүндүгүн тастыктаган документалдык материалдар табылган.

Азыркы учурда Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Абад, Кыргыз-Абад жана Түрк-Абад айылдарынын аймагында жайгашкан 29 жер тилкеси алдын ала мыйзамсыз берилгендиги жана жасалма документтер менен ээликтен ажыратылгандыгы аныкталды. Объекттер стратегиялык жактан маанилүү жерлерде, аймактар аралык магистралдардын боюнда, ички жолдордо, негизги көчөлөрдө, бизнес жүргүзүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болгон калктуу конуштарда жайгашкан. Ар бир тилкенин баасы болжол менен 1 миллион сомго бааланган.

Учурда документтерди мыйзамсыз сатуу жана жасалмалоо боюнча кошумча фактыларды аныктоого карата тергөө иштери улантылууда. Шектүүлөр 4-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Последние новости