www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

100дөй адам чогулуп телевидениеден сүйлөп, тегерек үстөл өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мындай пикирди мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

-Аймактарды кыдырап элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүңөрбү? Түшүндүрүү иштери кандай болду?

-Жок, азырынча аймактарды кыдыра элекпиз. Бирок, аймактарды кыдыруу боюнча 7 облуска 7 агитпоезд даярдап жатабыз. Ар бир облуска ар бир саясатчыны бөлгөнбүз. Кыргызстан боюнча шайлоо деген эмне? «подкуп» деген эмне? Админресурс деген эмне? 
Шайлоону бурмалоо деген эмне? Шайлоого кандай өзгөрүү кирди? Кандай структура пайда болду? Шайлоону кандай өткөрүш керек? Ушунун баарын элге түзмө-түз түшүндүрөлү деп жатабыз.

Ошондуктан, «100дөй адам чогулуп телевидениеден сүйлөп, тегерек үстөл өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз». Кыскасы, ачык шайлоо өткөрөбүз деген ниеттебиз. Ал эми азыртадан баштап кайсыл жерде талапкерлерди каттоо жүрүп жатат мына ошол катталганда БШК эмне кемчилик кетирип жатат, бийлик кандай кемчилик кетирип жатат, кимди туура эмес каттап алды ушулардын баарын ачык айта баштадык. 

Негизи өзү балекеттин баары мына ушундан башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости