www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ангела Меркель саясаттан кеткенин жарыялады

Германиянын канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркель саясаттан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу ал Deutsche Welle телеканалына билдирди.

«Мен мындан ары саясатка аралашпайм. Мен саясий конфликттерди чечпейм – мен муну көп жылдан бери жасап келем. Эми эмне кыларымды дагы деле билбейм. Биринчиден, мен бир аз эс алам, анан башыма эмне келерин көрөбүз», деди ал.

Германияны 16 жыл башкарган Меркель анын иши дайыма ага ырахат алып келгендиктен кетип жатканына капаланарын моюнга алды. Ал учурда «коштошуу турунда» экенин кошумчалады.

Ангела Меркель Германиянын канцлери болуп иштеген биринчи аял болду. Ал бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келет.

Сентябрдын аягында Германияда өткөн парламенттик шайлоодо Меркель шайлоого катышуудан баш тарткан. 26-октябрда ага Германиянын Федеративдуу Республикасынын канцлеринин ыйгарым укуктарынын аякташы тууралуу расмий билдирүү тапшырылды.

Жаңы канцлер Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц болот деп болжолдонууда. Анын партиясы 26-сентябрдагы шайлоодо 25,7 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости