www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дамирбек Оңолбеков бир күн ичип келсе, ошону айтып жаман атты кылып жатышкандыр», - деди бүгүн, 8-июнда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун

- Турсунбек агай, кечээ ичип алып, эшигин ача албай жаткан соттун видеосу чуу жаратса, бүгүн ал киши да үн катыптыр. Негизи соттор кандай болушу керек?

- Соттор акчага басым койбогон, мыйзамды сыйлаган, кристаллдай таза адам болушу шарт. Тагыраагы, соттор арак ичип алып, теңселип эшигин ача албай турбашы керек. Мүмкүн Оңолбеков бир күн ичип келсе, ошону айтып жаман атты кылып жатышкандыр. Негизи мамлекеттик кызматтагы адамдар бир күн эмес, бир саат да, бир мүнөт да ичип эл көзүнө көрүнбөшү керек.

- Бирок, коомго мас соттон да адилетсиз соттор жаман таасир тийгизет деп жатышат го?

- Соттор мас болуп да жүрбөш керек. Ичип алып, видеого түшүп калган сот уялбай актанган кайрылуу таратып жатат. Бул туура эмес. Негизи сот системасын союз мезгилиндегидей кайра калыбына келтирбесек, адилетсиз чечим чыгарган, акчаны баарынан жогору койгон соттордон арыла албайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости