www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уран Рыскулов: «Негизи арак ичкен анча деле кылмыш эмес»

«Бизге бир жолу мас болгон соттордон мурун соо туруп, туура эмес чечим чыгарып, жарандардын тагдырын талкалаган соттор коркунучтуу», - деди бүгүн, 8-июнда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.

- Уран байке, буюрса сот реформасы башталды. Эмне кылсак, адилеттүү чечим чыгарган сотторду шайлай алабыз?

- Сотторду президент аркылуу кызматка коюп алып, реформа кылабыз дегенибиз туура эмес. Менин жеке пикиримде сотторду эл шайламайын эч кандай реформа болбойт. Анткени, соттор жогору жактан шайланса, аткаруу бийлигине көз каранды болуп калат. Алардын айтканын аткарып, буйругун гана аткарып калаарын 30 жылдагы практикада көрдүк го. 

- Арак ичкен соттон да, ичпей туруп элге каршы чечим чыгарган соттор кооптуу дей башташты. Бул боюнча не дейсиз?

- Негизи арак ичкен анча деле кылмыш эмес. Бир жолу мас болуп калса, ошону көрө калганыбыз туура эмес. Бизге бир жолу мас болгон соттордон мурун соо туруп, туура эмес чечим чыгарып, жарандардын тагдырын талкалаган соттор коркунучтуу. Ошондуктан, мас сотко эле эмес, туура эмес чечим чыгарып, адамдардын убал-сообунан коркпогон сотторго чара көрүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости