www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун жетекчилиги алдында түзүлгөн “Келечекке Жол” мониторинг борборунун алкагында баарлаштык.

-Турсунбек агай, “Келечекке Жол” мониторинг борбору эмнеге чет өлкөлөр Кыргызстандын Парламенттик шайлоосуна кийлигишүүгө укугу жок деп билдирүү таратып жатасыңар? Кыргызстанда болчу парламенттик шайлоого чет мамлекеттер  кийлигишет деген кооптонуу барбы?

-Буга чейинки Президенттик жана Парламенттик шайлоого байкоо салып көрсөк, башка өлкөлөрдүн бизде өткөн Президенттик жана Парламенттик шайлоого кандайдыр бир деңгээлде таасир эткен учурлары болгонун эстейсиз. Бул биринчиси. Экинчиси дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө бир өлкөнүн шайлоосуна башка өлкөлөрдүн одоно кийлигишкендиги ачыкка чыгып, парламенттеринде жана массалык маалымат каражаттарында катуу талкуулар болуп, жыйынтыгы дүйнөлүк жаңжалга да алып келген учурлар болгонун билесиз. Өкүнүчтүүсү, башка мамлекеттердин шайлоосуна кийлигишүүнүн кесепетинен дүйнөлүк салмагы жана аброю бар мамлекеттердин ортосунда катуу конфликттер, карама-каршылыктар орун алып, өз ара мамлекеттер аралык мамилеге терс таасирин тийгизип, саясий, экономикалык жана башка маанилүү байланыштар үзүлүп, чоң жоготууларга учураганын түшүнөсүз.  

Мына ушундай маселенин айынан Америка менен Россия Федерациясынын ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатактар орун алып, эки мамлекеттин жетекчилиги расмий түрдө бири-бирине иш сапары менен бара албай, көптөгөн маанилүү иштер токтоп, өлкөлөр аралык мамиледе кризистик абалга кептелди. Ошон үчүн андай нерселерге жол бербейли, Парламенттик шайлоого тышкы күчтөрдү жана башка чет элдик мамлекеттерди шайлоого кийлигиштирбейли деп жатабыз. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - бул Кыргызстандын жарандарынын ички иши.

-Чет мамлекеттер Кыргызстандагы шайлоого кантип таасир этет же кимдер аркылуу таасир этет?

-Алардын кийлигишүүсү саясий салмагы жок бир партия башка өлкөнүн берген чоң суммадагы каражатына шайлоого ийгиликтүү даярдыктарды жүргүзүүдөн башталат. Парламентке келгенден кийин акча берген кожоюндарынын ырын ырдай баштайт. Тагыраагы, чет өлкөлүктөр акча бөлүп, парламентке алып келген партиясы аркылуу өлкөнүн саясий процессине чоң таасирин тийгизип, өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга далалат жасашат.  

-Сиз жетектеген “Келечекке Жол” мониторинг борбору чет өлкөлүктөрдүн шайлоого таасир этүүсүнө кантип каршы турасыңар?

-Буга чейин бул тышкы кийлигишүүлөр тууралуу көзөмөлдөгөн жана байкоо жүргүзгөн эч бир уюм же жарандар болгон эмес. Ошондуктан алдыда боло турган Парламенттик шайлоого башка өлкөлөрдүн тышкы кийлигишүүсүн болтурбоо үчүн тыкыр байкоо жүргүзүү, абалды системалуу түрдө көзөмөлгө алабыз. Биз ошол максатта түзүлдүк. 

Мындан тышкары, “Келечекке Жол” мониторинг борбору Кыргыз Республикасынын территориясындагы чет элден каржыланган кээ бир массалык маалымат каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын иштерине да мониторинг жүргүзө алат. Тагыраагы ошондой  укукка ээ.

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү учурунда чет элдик кийлигишүү фактылары катталса, аталган борбор бул маалыматты ошол замат коомчулукка чыгарып, болгон чындыкты Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына жеткирип, тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, бул ишке мыйзам чегинде териштирип тиешелүү чара көрүү жагын суранабыз.

Кыскасы, алдыда өтө турган Парламенттик шайлоого чет өлкөлөр, тышкы күчтөр кийлигишпей, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирбей, Кыргызстандын жарандары гана өз эрки менен жеке тандоосу аркылуу эл өкүлдөрүн шайлап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости