www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

«Nazarnews.kg” сайты Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги орун алып жаткан жагдайлар боюнча жана мурунку жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиленин курчушу тууралуу баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

 -Турсунбек  мырза, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле чындап эле курчуп баратабы  же экөөнүн тирешкенин каалаган күчтөр түрдүү боёк сүртүп, кырдаалды татаалдаштыруунун айланасында ушундай иштер орун алып  жатабы?

-Чынында мурунку жана азыркы президенттердин мамилеси курчуп, кыл чайнашкан убакка келишин күткөн күчтөр бар. Ошондой эле мурунку президенттин туура эмес иштеринен  азыркы президент иренжип жаткан  жагдайы да  бар. Ошон үчүн баарыбызга кырдаал курчуп, күрөш күчөп жаткандай сезиле баштады. Мага жеткен маалыматтарга караганда Сооронбай Шарипович Атамбаевдин  туура эмес сөздөрүнө териккен эмес. Анын мамлекетти алсыраткан татыксыз кадрларына жана казынаны какшыткан иштеринен иренжип ушундай кадамга барууга аргасыз болуптур. Ошондуктан,  ишти анын татыксыз кадрларын мамлекеттик кызматтардан четтетүүдөн  баштаптыр.       

   Мен Сокемди студент кезинен бери билем. Ал кир нерсени, туура эмес ишти жаман көрөт. Башкача айтканда,  иренжип кетет. Ошон үчүн мурдагы жакшы мамиленин, достуктун баарын жыйыштырып, Атамбаев да, башкалар да күтпөгөн  кадамдарды жасады. Ошондуктан, Атамбаевдин ишенген кадрлары чекесинен суракка чакырыла баштады.

-Эми эки президенттин тиреши өч алууга айланып, Атамбаевдин ишенген кадрлары саясый туткун болуп калбайбы?

-Мен андай ойду айтуудан алысмын. Анткени, Сооронбай Шарипович андай өч алам деген адамдардын тибине кирбейт. Мен билгени ал кызматынан кыянаттык менен  пайдалангандарды, мамлекеттин казынасын куруткандарды суракка чакыртып, тыкыр иликтетип жатат. Сапар Исаков жана Атамбаевдин мезгилинде жылдызы  жанган Кубанычбек Кулматов да УКМКга жөн жерден суракка чакырылган жок. Кайсыл жерден калпыстыкка жол бергени иликтенип, изилденип жатат. Ошондуктан алардын суракка чакырылганына саясый боёк сүртүүдөн алыс болушубуз керек.    

-Демек, парламент төрүндө  экс-президентти кол тийбестигин алалы деген демилгелер да жөн жерден көтөрүлбөптүр да...

-Мен Атамбаевдин кол тийбестигин алалы деген демилгени көтөргөндөрдүн артында Сооронбай Шарипович турат деген ойдон алысмын. Ошондой эле  мурунку президенттердин жоопко тартылышын, эл алдында уят болушун каалабайм.  Бирок, ошондой маселенин көтөрүлүп жатканынын өзү опурталдуу нерседен кабар  берет деген ойдомун. Өкүнүчтүүсү, кыңыр иш кырк жылда эмес,  алты айда эле  билине баштаптыр.

-Президент ак иштейт, туура эмес иштерге  жол бербейт дегениңиз менен  ТЭЦ боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы   парламентте  талкуу болгондо  Сапар Исаков ТЭЦке Сооронбай Жээнбеков эле эмес, анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун да тиешеси бар деген ойду кыйытып, ал тургай аларды аяп койгонун айтты го...

-Мен Сапар Жумакадыровичти, сыйлайм. Анын жакшы иштери, колдоого алчу демилгелери да бар. Коомчулукта айтылып жаткандай ал таптакыр эле жаман адам эмес. Бирок, бу сапар ал да калпыстыкка жол берди. Болгону, өзүнө кылмыш иши ачылайын деп  УКМКга суракка чакырылып жатканда буларды кошо каралап кетейин деген аракети  бет тырмалык болуп, орунсуз болуп калды. Чынында Сооронбай Жээнбеков  ТЭЦтин ачылышына   тиешеси болбогон үчүн  барган эмес. Негизи депутаттык комиссия ТЭЦке 30дай адамдын тиешеси бар экенин айтышып,  тиешеси жокторго деле доомат коюп, күнөөлөп жатышат. Ошон үчүн бул ишти тыкыр иликтеп,  чыныгы күнөөлүүнү таап, жазалаш керек. Болбосо ак жеринен каралагандар да жок жерден запкы тартып калышы ыктымал.

-Сиз ыплас иштерге жол бербейт, тазалыкты сүйөт, жаман иштер менен алек болбойт деп ишенген курсташыңыз Сооронбай Жээнбеков менен  Райымбек Матраимовдун туугандык байланышы бар деген кептер айтыла баштады. Эгер Райым миллион соттон Сапар Исаковду утуп чыкса, аны баштагы кызматына коёбу?

-Мен түштүккө көп барам. Буга чейин  Матраимовдор менен   Жээнбековдордун туугандык  байланышы бар экенин уккан да, көргөн да эмесмин.  Булар  колтукташкан да эмес, каршылашкан да эмес. Мен билгени Райымбек Матраимов  Икрам  Илмияновдун арты менен бажы тармагына келген. Төрт жыл Атамбаевдер анын капчыгын болушунча  колдонушкан. Пайдаланып туруп, себеби жок кызматтан алып койгону үчүн өз укугун коргоп, сотко кайрылып жатат. Сотко кайрылганы, чындык издегени туура эле иш. Анткени, бирөөнү кызматтан аларда  алгач эскертүү, сөгүш бериш керек. Анда  да ишин жөндөй албаса,  анан кызматтан алыш керек. Бирок, бул жигит интеллигент экен. Мыйзамсыз кызматтан алынса да, Атамбаев тууралуу бир да жаман сөз айткан жок.

-Турсунбек агай, айрым билермандар 61 жаш Кыргызстандын президенттери үчүн  тактан түшкөн, опурталдуу курак экенин айткандар чыга баштады. Чын эле кыргыз президенттери үчүн 61 жаш оомат кеткен,  ойго салган  куракпы?

-Чынында мындай  нерселерге анчалык деле маани бере бербейм. Себеби, 61 жашында тактан түшкөн президенттер элүүдөн өтүп калганда, быша элек мезгилинде  бийликке келишкен. Ошон үчүн алардан 61 жашында оомат кетип,  тактан түшүштү.  Мен бул нерселерди кандайдыр бир ырым-жырым катары эмес, жөн гана дал келүү катары кабыл алам. Чынында Кытайда барандуу  мамлекеттик кызматтарга  60 жаштан жогоруларды коёт. Анткени, ал жакта адам 60жаштан өткөндөн кийин  бышат деп эсептелет. Буюрса, Сооронбай Шарипович да 60 жашка карап калганда президент болуп шайланды. Кудай кааласа, 65-66 жашында президенттик  мөөнөтүн аяктап,  мамлекетти татыктуу президентке тапшырат, мамлекетчил президенттердин катарын толуктайт деп үмүт кылам.

Перизат Кутманалиева

 

Последние новости