www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 — «Чек арасыз кабарчылар» уюму Кыргызстандагы медиа эркиндигинин абалы тууралуу тынчсыздануусун билдирип, журналисттерге коюлган доолорду токтотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылыптыр. Алар Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерди опузалаган көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилеген. Чын эле биздин өлкөдө эркин журналисттерге куугунтук күч алдыбы?

 -Жалпы жонунан Кыргызстанда тоталдуу куугунтук жок деп ишенимдүү айта алам. Мен өзүм укук коргоочу катары журналисттерди көп суммадагы доого жыгууну колдой албайм. Ошентсе да жоопкерчилик болушу керек. Мисалы, менин да аброюмду кээ бир журналисттер аябай төктү, негизсиз каралады, атама чейин асылды. Бирок, мен аларды сотко берген жокмун. Бирок адамга өтө оор тиет экен. Андыктан журналисттер сөз эркиндигине таянып эле негизсиз шыбай бербеши керек. Мүмкүн калпты жазгандар жоопкерчиликке тартылса башкаларга сабак болот.

—Демократияны туу туткан Батыш мамлекеттеринде деле калп жазган журналисттерди ири суммадагы айыптарга жыккан көрүнүштөр бар. Мүмкүн бизде да “ээн ооз” жазмакерлерди сот аркылуу тартипке чакырса болоттур?

— Туура, Европа мамлекеттеринде деле журналисттерди ири суммадагы доого жыккан көрүнүштөр көп. Ал жакта Кыргызстандагыдай ушак жазса өпкөсүн үзөт. Журналисттер сындаса да факты менен жазып, адамдын керт башына асылбайт. Бизде такыр башкача болуп жатпайбы. Мисалы, мени кыргыз тилдүү гезиттердин бири “сайпана” деп биринчи бетине шыбады. Ал сөздү изилдесек, “сөзүн ачык айта албаган, коркок” дегенди билдирет экен. Андыктан аша чаап бараткандарды тартипке да чакыруу керек. Журналисттер деле бир нерсе жазар алдында ойлонсо. Алар жазган калп маалымат бүтүндөй бир тагдырды талкалап коюшу мүмкүн.

— Сооронбай Жээнбеков «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун кайрылуусуна кандай жооп кылышы керек деп ойлойсуз?

— Сооронбай Жээнбековго алар бекер кайрылган жок. Анткени, биздин президентке ишеним азыр чоң. Бирок, экс-президентке байланыштуу ишке ал киши кийлигише албайт. Ал эми Н.Айып менен Д.Маслова Алмазбек Атамбаевден кечирим сурап койсо эле туура болот эле. Ал киши деле кечириши мүмкүн.

Булак: "bagyt"
 

Последние новости