www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кызматы жок болсо да, Ташиев кайда чыр чыкса, ошол жерге барып, өз пикирин билдирип жүргөн", - деди бүгүн, 3-февралда NazarNews маалымат агенттигине Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун.
- Турсунбек ага, акыркы мезгилде УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди мактагандар да, сындагандар да көп. Чынында ал кандай иштеп жатат?
- Мен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу жакшы пикирдемин. Мен аны акчанын артынан түшпөй патриоттуулук менен иштеп жүргөн инсандардын бири деп билем. 2010-жылкы каргашалуу түштүк окуясында Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибековдор кандуу окуяны токтотууга чоң салым кошушканын да билем.
Кызматы жок болсо да, Камчыбек Ташиев кайда чыр чыкса, ошол жерге барып, Сооронбай Жээнбековдун убагында өз пикирин билдирип жүргөнү да эсимде. Ошон үчүн аны ичкич, жегич деп сындагандарга кошула албайм. Андай пикирге мен эмес, коомчулук да ишенбейт деп ойлойм. Ошон үчүн Болот Темировдун иликтөөсүнө анча ишеним арта албайм.
Болот Темировду Америкалык күчтөр ушундай багытта иш жасатып жатат деп ойлойм. “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медия”, “Темиров лайф”. Текебаевдин “Жалбырак тв”, Атамбаевдин “Апрель” каналдарынын баары бийликти жаман көрсөтүү үчүн иш кылып жатышат.
Бирок, мен калыс пикиримди да айтайын. Пайгамбар жашына барып калган адаммын. Мен муну бирөөлөрдү жаман атты кылайын деп айтып жаткан жокмун. Камчыбек Кыдыршаевич да катачылыкка жол берди. Темировдун иликтөөсүнөн кийин бир саат пресс конференция берип, жазып түшүндүрүүгө далалат жасаганын таптакыр колдобойм. Башында "эч нерсеге тиешем жок" - деди. Кайра анын схемаларын чийип көрсөтүп жатканын туура көргөн жокмун. Бул жерден ал өзүнө-өзү каршы чыкты. Ташиев кайдагы Болот Темировдун деңгээлине түштү.
Чынында минтүүнүн кажети жок эле. Ошондой эле президент Садыр Нургожоевичтин да фейзбуктагы баракчасы аркылуу чыккан ар бир окуя боюнча оюн жаза бергенин туура эмес деп эсептейм. Анткени, ар бир окуяга президент пикирин билдире бериштин кажети жок. Себеби, президент биздин символ. Президентке 6 миллион адам ишенип, кыйынчылыктан куткарат деп үмүт артып отурат. Ошон үчүн баарына калыс мамиле кылып, президент баарынан бийик болуш керек.
Мадумаровду Башкы прокуратурага чакырта бериштин кажети жок. Оппозициянын өкүлүн суракка чакыртуу укук коргоо органдарына да, башкасына да абийир алып келбейт. Ошон үчүн оппозиция десе эле суракка чакыртканды токтотушубуз керек.
- Баса, президент бир жылда жакшы эле иштедиби же ишинен майнап чыгара албай калдыбы?
- Президент бир жылда башка президенттер беш жылда жасабаган иштерди жасады. “Кумтөрдү” мамлекетке алды. Канадалыктардын баарын кууп чыкты. Мындай ишке баруу ар кимдин колунан келе бербейт.
Мындан тышкары жоопкерчиликти өзүнө алды. Конституцияга өзгөртүү киргизди. Мамлекеттик структураны тартипке келтирди. Президент менен Камчыбек Ташиев кызматтан кете турган болсо, Кыргызстанда хаос болот. Алардын ордун тартып алалы деп Батышчыл саясатчылар көз артып отурат. Ошон үчүн коопсуздукту көзөмөлгө алып, демократияны муунтпай бирок, аша чапкандарды тартипке чакырышы керек.
Булак: NazarNews.kg