www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен байланышып, Кытайга нота берип, реакция кылуунун  зарылчылыгы жоктугун жана дарыгерлердин кадырын көтөрүү тууралуу ой бөлүштүк.

--Турсунбек мырза, кечээ жакында эле Кытайдын бир сайты Кыргызстан кытайлардын жери болгон деген маалыматты жарыялады. Андан кийин биз да реакция кылышыбыз керек. Нота жөнөтпөсөк, кытайлар акырындык менен жерибизди тартып алат деп кооптонгондор чекеден  чыга баштады. Мындай учурда бийлик кандай кадамга барышы керек?

--Жерге байланыштуу талаш-тартыштар бүгүн эле чыга калган жок. Ал көп  кылымдардан бери тарых барактарында, тарых китептеринде, тарых булактарында жазылып, тарыхчылардын, окумуштуулардын, саясатчылардын ортосунда  жазылып келген кадимкидей эле көрүнүш. Ошон үчүн ал маалыматка көңүл буруп, кооптонуунун  зарылчылыгы  деле жок. Ал сайтта жазылгандай эмес, чыныгы тарыхта башкача болгонун кыргыздар эч качан Цин империясынын курамына кирбегенин, аларга кызмат кылбаганын  тарыхчыларыбыз Дөөлөтбек Сапаралиев, Кыяс Молдокасымовдор тарыхый далилдер менен айтып чыгышты. Ошондой эле, Тынчтыкбек Чоротегин макала жазды.

Кытайдагы белгилүү тарыхчы Тайшан деген профессору 2019-жылы Кыргызстанга келип, чоң ачылыш жасап, кытайдагы улуу тарыхчылардын эмгегине таянып, Кыргызстандын 3000 жылдык тарыхы бар экенин расмий жарыя кылган. Тагыраагы, Кыргызстан кытай империясына эч качан кирбегенин кытайдын тарыхчылары өздөрү далилдеген. Ошон үчүн бул маалыматты саясат кылып,  чочулоонун кереги жок.

Айтайын дегеним, кыргыз тарыхчылары менен кытайдын калыс тарыхчыларынын пикирин бириктирсек, Кыргызстан кытайга тиешеси жок, өз алдынча эгемен, демократиялык мамлекет  экени айдан ачык эле көрүнөт.

Бирок, ошондой болсо да, кытайлар мындай маалыматты жөн эле чыгара бербейт. Сөзсүз реакция кылып, нота жөнөтүш керек. Унчукпай койбош керек  деген саясий серепчилер  чыгып жатат. Казакстан нота берсе эле аларды туурап, биз да нота берип, алардын саясатын кайталабашыбыз керек. Казакстандын Тышкы иштер министри  тескерисинче туура эмес кадамдарга барды. Алар нота жөнөтүп, Кытай менен болгон мамилесин кандайдыр бир деңгээлде бузуп алды деп эсептейм.  Биздин президент жана Тышкы иштер министри  шашмалыкка жол бербей туура эле кылышты.

Чынында кытай сайтына чыккандай чындыкка дал келбеген маалыматтар бизде деле болот го. Биздин тарыхчылар да кытайларды кыргыздар башкарыптыр деп, Чыңгызханды кыргыз деп анын ичинен моңолдор уруусуна  киргизип, аша чаап кеткен учурлары бар. Аныбызга кытайлар нота жөнөтмөк турсун, көңүл да бурушпайт. Ошон үчүн кытайга каршы чыкпай эле турганыбыз туура болот деген пикирдемин. Анын үстүнө дүйнө жүзүн пандемия каптап жатканда улуу кошунабыз менен талашып-тартышып мамлекеттер аралык мамилени бузбай эле койгонубуз оң.

--Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетет экен деген маалыматтар коомчулукта көбүрөөк айтылып, анын ордуна талапкерлердин аттары атала баштады го?

--Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетиш керек же кетет экен деген маалымат ал кызматка келгенден бери эле айтылып жатат. Абылгазиевдин отставкасын каалаган жана анын кызматына көз арткан чиновниктер, саясатчылар, депутаттар жетишээрлик. Бирок, канча аракет кылып, элди дүрбөтүшсө да, Абылгазиев отставкага кетпейт. Арыз жазыптыр деген фейк,  жалган маалымат экени ачыкталды.

Кээ бир сайттар Абылгазиев кызматтан кетет экен эле дебестен, анын ордуна Акылбек Жапаров келет экен деп  жазып да жиберишти. Ал болсо “Кыргызстан кичинекей мамлекет, 6-7 айда эле мамлекетти көтөрсө болот” деген пикирин айтканга  үлгүрдү. Мен  премьер-министр  Абылгазиев жакшы иштеп жатат деп бир жактуу мактагандан алысмын. Бирок,  жакшы иштер менен катар  ошол эле учурда олуттуу кемчиликтерге да жол берип койгон жайы бар экенин ачык эле айталам.

Айрыкча Космосбек Чолпонбаевдин  жетекчилик сапаты жок экенине карабай, канча сындасак да үч жыл бою Саламаттыкты сактоо министри кылып кармаганын өзү чоң кемчилик болуп калды. Туура эмес кадрдын азабын, бүгүн бүтүндөй Кыргызстан, президент баш болуп  тартып жатабыз.

Ошондой эле Премьер-министрдин кадрлары пандемия учурунда дарыгерлер тууралуу туура эмес, маалымат берип алып, кайра кечирим сурашып, айтор, бир катачылыкка жол беришти.

Бирок, мурдагы иштеп кеткен 20 премьер-министрдин ичинен 3-4 таза премьер болсо, ошонун бирөө Абылгазиев. Бул кишинин бизнеси, амбициясы жок. Жакшы аткаруучу, таза инсан. Артында какмар, шакмары жок. Эгерде бул кишинин ордуна башка бирөөнү алып келсе, анын сөзсүз элди чочулаткан бир жери болот. Ошон үчүн ашуудан ат алмаштырбай белди бекем бууп, пандемияны жеңишибиз керек. Отставкага кетирүүгө шашпай алдыдагы шайлоону жакшылап өткөрүп алышыбыз керек. Премьердин эмгегин президент өзү жактырып, иштешип жаткандан кийин президенттин да тандоосун сыйлашыбыз керек.

--Айтканыңызга ынаналы, бирок президенттин премьер-министрге ичи чыкпаганы үчүн маселени Абылгазиев менен эмес, Эркин Асырандиев менен чечип жаткан жокпу? Акыркы мезгилде президент Асырандиевди көбүрөөк кабыл ала баштады го?

--Мен антип ойлобос элем. Анткени, Эркин Асырандиев социалдык маселелерди, экономика, банк тармактарын тейлеген вице-премьер-министр. Өзү жакшы билимдүү жигит.  Ал өз тармагын тейлеп, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче иштеп жатат. Президент аны менен да сүйлөшкөнгө, айрым маселелерди чечкенге акысы бар да. Аны менен да талкуулай турган маселелери бар дегендей. Менин байкашымча президент, премьер, спикер үчөө бир муштумдай болуп, иштеп  жатышат. Премьердин ролун түшүрүп, президент Асырандиев менен маселе чечип жатыптыр  деген маалыматтар жалган. Президент менен премьер министр маселени  кеңешип эле чечип жатышат деп. Ага элдин баары эле күбө.

--Коронавирус жайылганы дарыгерлердин нааразычылыгы күчөдү, өкмөт жетиштүү көңүл бурбай жатканы аз келгенсип, чындыкты айтып, талап коё билген дарыгерлерди куугунтуктап жатат деген маалыматтар күч алды. Ушундай мезгилде дарыгерлерди куугунтуктоо, аларды кечирим суратуу туурабы?

--Дарыгерлердин укугун кызматтан кеткен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден баштап тебеледи. Ал турсун реформа деген шылтоо менен 4гана үй бүлөлүк медициналык борбор ачып, дарыгерлерди кыскартты. Өз билгенин кылды. Бирок, дүйнөлүк пандемия башталганда дарыгерлердин баркы билинди. Алар аз айлыкка иштешсе да, иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылып, согуштан катуу пандемия менен күрөштө алдыңкы сапта турушту.  

Медициналык каражаттардын жетишсиздигинен бейтаптардан өздөрүнө оору жугузуп алышты. Өздөрү да дарт менен алп урушуп жатышканда, дарыгерлерди  көтөрмөлөп, жакшы сөз айтып тургандын ордуна айрымдар доомат коюп, акылга сыйбаган иштерди жасашууда. Буюрса, чогулган акчаны да жакшынакай кылып таратып берип, бири-бирине каршы чыкпаган токтомдорду чыгарып, дарыгерлердин укугун, кызыкчылыгын коргоп, мындан аркы ийгиликтүү иштешине шарттарды түзүп, керек болсо үй куруп берүү маселесин да көтөрүшүбүз керек. Анткени, дүйнө элин түйшүккө салган пандемия менен болгон согушта биздин дарыгерлер да алдыңкы сапта турушту. Пандемия менен күрөштө укук коргоо органдары да чоң салым кошуп, коомдук тартипти жакшы сактап берип, коменданттык саат, карантиндин талаптарын аткарышты. Кыскасы, бул кырдаал эл бийликтин, бийлик элдин баркын билди. Буюрса, биз да пандемияны жеңип, баштагы тынч жашообузга келебиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости