www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде брифинг өтүп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

2020-жылдын 20-апрелинен 21-апрелге караган бир күн ичинде областтын аймагында  баары болуп – 18 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. 

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1909 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 3 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 123 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 129 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 3 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлдү", - деп комендант баса белгиледи.  

Ошондой эле Жеңиш Жоробеков брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап:

“Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырамын. 

Өзгөчө абалдын аякташына саналуу эле күндөр калды, андыктан баарыңыздарды сабырдуу болуп коомдук жайларга негизсиз чыкпасаңыздар. Биз бирге гана бул илдетти жеңебиз” -  деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости