www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку акыйкатчы, учурда президенттике талапкер Турсунбек Акун бул ирет экс-премьер-министр Темир Сариевдин ишмердүүлүгү, адамдык сапаты, кылык-жоругу тууралуу маек куруп берди.

--Турсунбек Акунович, алдыдагы президенттик шайлоого ат салышууга кызуу камылга көрүп жатканыңызды жакшы билебиз. Атаандаштарыңыздын ичинен «Бабанов же Төрөбаев президент болуп калса, 7-кабаттан секирип өлүш керек» - деген пикириңизди жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегиңизде баса белгилептирсиз. Бул ирет бир кездеги үзөңгүлөшүңүз, президент болсом «Темирдей тартип орнотот элем» деп жүргөн Темир Сариев тууралуу кеп кылбайлыбы?

--Башкаларга салыштырып караганда өкмөт башчы катары Темир Сариев жакшы иштеди. Аракетчил. Бирок, Ж. Сатыбалдиевге тең келе алган жок. Экономиканы жакшы билет, өзүнүн көз караштары бар. 2007-жылы «Фронт» түзүлүп, бакиевдин командасы боз үйлөрдү талкалаган кезде жигитчилик кылып качпай туруп берген. Анткен менен Темир, темирдей тартипти орното албайт. Президент да боло албайт.

--Эмнеден улам Сариевди президент боло албайт деп жатасыз?

--Президент болууга Темирдин деңгээли жетпейт. Партиясы жок, парламентте фракциясы жок туруп ажо болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосун өзү деле түшүнүп турат. Эптеп премьерлик же дагы бир майлуу кызматка илинип калайын деп үмүт кылып атат окшойт. Аркасында көптөгөн былыктары бар. Алсак Үзөңгү-Кууштан айрылып калышыбызга салымын кошкон. Каршы добуш бер дегенибизди укпай макул деп добуш берип, башкаларды да үгүттөгөн. Өлкө башчысы боло турган адам жөнөкөй болушу керек. Темирдин колуна бийлик тийсе, киши тааныбай керкейип калма сапаты бар. Жетишкендиги кандай бийлик болбосун тилин таап, ичи-койнуна кирип иштешип кете берет. 2009-жылы оппозициянын баардык өкүлдөрү биригип Атамбаевди колдоп, Арашанга курултай кылсак Темир Сариев келбей койгон, кашайып. Алмаз Шаршенович, Туке, Темир кайда көрдүңбү деп улам-улам сурайт. Көрсө Бакиев менен сүйлөшүп алып «Достук» мейманканасында Темикең өзүн талапкер катары көргөзүп курултай өткөрүп жатыптыр. Ачыгын айтканда бул иш сатып кеткенге барабар. Кезинде Акаевдин камчысын Шеримкуловго, Бакиевдин камчысын Атамбаевге каршы чапкан. Алдыда дагы биринин камчысын чабышы мүмкүн. Коркок, бетке айта албайт. Темирдин чечкиндүүлүгүн көргөн жокмун. Керек болсо кызматтан эмне болуп түшкөнүн ачык айта алган жок.

--Темир Аргенбаевич Балыкчы-Корумду жолу боюнча коррупцияга шектелип өкмөт башчылык кызматынан кулап түшкөнүн коомчулук жакшы билет. Бир ишти ийгиликтүү жасай албаган кишинин бир өлкөнү башкарып кетишине көзүңүз жетеби?

--Темирди туңгуч президент Акаев, андан кийинкиси Бакиев жана учурдагы өлкө башчысы Атамбаевге салыштырып болбойт. Акаев менен Бакиев өлкөнү «олтургузуп» кеткен күндө дагы Темир аларга тең келе албайт. Атамбаевдин деңгээлине ошол эле Бабанов, Сариев, Төрөбаевдердин жетиши өтө кыйын. Дегеним, Алмаз Шаршеновичтин кандай болгон күндө дагы өзүнүн көз карашы, президенттик сапаты бар. Айткан сөзүн сөзсүз аткарат. Эч кимден коркпойт, керек болсо орусиянын президенти Путин менен дагы тең ата сүйлөшүп атканын көрүп атабыз. Темир буларды жасай албайт. Президент болуш оңой иш эмес да. Бабанов, Төрөбаев, Сариевдерге караганда мен беш эсе өйдө ажо болуп бере алам деп ойлойм. Тилеке каршы менин акчам жок, шайлоодон өтө албай калышым мүмкүн. Андай болгон учурда Атамбаев, С. Жээнбековду коебу башкасын коебу өзү көзөмөлдөп алсын. Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков башкалардан айырмаланып популист болбой чарбачылдыгын көргөзүп иш кылып атат. Т.Сариев менен Ө. Бабанов өкмөттү башкарып турганда баскан-турганына чейин журналисттерди ээрчитип чагылдыртып саясат менен гана алек болуп калышкан. Булар бир ишти аягына чыгарып көргөн жан эмес.

--Эмне себептен Темир Сариев Чүйдүн деңгээлиндеги гана саясатчы деп көп айтасыз?

--Сариевдин «Оштуктар бул жака келсе каптап кетет» - деп түштүктүктөргө айткан сөзү бар. Турсунбек байкеңдей жа Атамбаевдей улуттук деңгээлдеги саясатчы болсо бул сөздү айтпайт эле. Темирди Чүй, анын ичинен Сокулуктун деңгээлиндеги саясатчы десек туура болот. Дагы багы бар экен, эч кандай кадыр баркы жок туруп өмүр баянына премьер-министр деп жазылып калды. Бул үчүн Атамбаевге рахмат айтышы керек.

--Сариев шайлоого жакын соодалашуу жолун тандап кетиши мүмкүн эмеспи?

--Сиз айткан жолду тандайт. Анткени шайлоодон өтпөсүн билет. Сариевге караганда берки бала баатыр Бабанов күчтүүрөөк. Бирок, ал дагы президент боло албайт. Керек болсо аны жакын жолотпоо зарыл. Ал президент болсо 7-кабаттан секирип өлүш керек. Себеби баарыбызды күрөөгө коюп, эл аралык банктан кредит алып алат. Ленин учурунда окуу, окуу жана окуу деп айтса Төрөбаев, Сариев, Бабановдор акча, акча жана акча деген принципке өтүп алышкан. Буларың калың китеп окуп көргөн жан эмес. Тарыхты, залкарларды билишпейт. Мен баардыгын ачык айттым, бул сөздөрүмө капа болушпасын.

Маектешкен Руслан Байдылдаев

Булак: "Мантыш"

Последние новости