www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун премьер-министрди жоюп, президент менен премьер-министрдин кызматын бир адам аткарыш керектигин айтты.

Ошондой эле ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилип жатканын айтып, өзүндө 12 сунуш бар экенин билдирди.

«Биринчиден Өмүрбек Текебаев өзү Конституциялык мыйзамдын 71-статьясынын негизинде “парламент мөөнөтүн өтөгөн жок, кийинки парламент шайланып келгенге чейин иштейт” деп чыкты. Эми кечээ ушул конституцияны талкуулап жатканда ушул “парламенттин мөөнөтү 28-октябрда эле бүкөн кетиш керек” деп жатса, Өмүрбек Текебаев унчукпай олтурат.

Буга чейин 323 премьер-министр кетти. Анткени бир дагы президент жоопкерчиликти өзүнүн моюнуна алган жок. Кунөөнүн баарын премьерге шылтап салат да, ал кызматтан кетет. Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы жоопкерчиликти алган жок. Бүт премьерлердин баарын кызматтан кетирип салды. 32 премьер кетти, бир да президент кеткен жок. Башка иш менен куулуп кетти. Азыркы президент боло турган адам ушул Конституцияда жоопкерчилик кылып, аткаруу бийлигинин башына келсин деп атат. Жанагы жанагы кыйкыргандар уялып койбойбу ичине. Кечирип койсун, Отунбаевадан баштап. Мен сунуш кылайын деп атам, премьер-министрди жоюп салыш керек. Өкмөт башчынын кереги жок. Президент менен премьер-министр экөө бир болсун», - дейт Турсунбай Акун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости