www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү тууралуу чечими жөнүндө пикирин NazarNews маалыматына билдирди.

--Тез аранын ичинде мамлекет башчысы эмнеге оюн өзгөртүп салды? Бул маалыматты укук коргоочу катары ачыкка чыгарууну талап кылам. Мамлекетке көлөккө түшүрбөө керек. Мен, президенттин жакын адамы катары таң калып жатамын. Мамлекет башчы капыстан эле кызматтан кетип жаткандыгынын себебин парламенттин, коомчулуктун алдында ачык айтышын талап кылуу керек. Сооронбай Жээнбеков 19-октябрдан кийин кызматтан кетиши керек эле. Президент менен Садыр Жапаровдун ортосунда кандай сүйлөшүүлөр болду? Мунун баарын коомчулук ачык билүүсү керек”, - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

Эске сала кетсек, бүгүн, 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга расмий кайрылуусун коомчулукка жарыя кылды. Эртең, 16-октябрда Жогорку Кеңеш мамлекет башчынын арызын карай турганды айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости