www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Турсунбек мырза, Аксы окуясынын болгонуна быйыл 16 жыл тполду. Окуяга сиздин баштан-аяк катышканыңыз маалым. Аксы окуясында чыныгы күнөөлүүлөр кимдер?

- Эң негизги күнөөлүү Аскар Акаев жана ыраматылык Аманбек Карыпкулов баш болгон ошол учурда бийликтин бийик бутактарында отурган инсандар болушкан. Бийлик Үзөңгү-Куушту кытайларга саткан соң Аксы эли бийликке нааразы болуп, бир нече талаптарды коюшкан. Коюлган талаптардын эч орчундуусу ит бекер сатылган кыргыз жери Үзөңгү-Куушту Кытайлардан кайтарып алуу, Үзөңгү-Кууштун сатылышына нааразы болуп, бийликке сын айтканы үчүн камакка алынган Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу болгон. Аксы окуясы башталаар алдында мен ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкуловго бир эмес, бир нече ирет кайрылып, Аксыда абал оор экенин, абалга байланыштуу райондогу алты мектепте окуу болбой иш токтогонун, эл толкуп акцияга чыгуу алдында турганын эскертип айткам. Бирок тилекке каршы, Аманбек Карыпкулов менин айтканыма маани берген эмес. Акыры чыдабаган эл 2002-жылдын 17-мартында нааразычылык акциясына чыгып, бийлик элге каршы ок атып, бейкүнөө алты адам окко учкан. Эгер ошондо Акаев бийлиги абалга көз салып, элдин талабы менен эсептешип туура иш кылганда, Аксы окуясы болмок эмес. Бирок кандай болсо дагы Аксы окуясы кыргыз бийлигине чоң өзгрүүлөрдү алып келди десем жаңылышпайм. Эгер окуя болбогондо 2005-жылдагы элдик төңкөрүш, 2010-жылдагы 7-апрель революциялары болбой, үй-бүлөлүк башкаруу бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элин эзип башкармак беле деген ой келет. Тарых үчүн баса белгилеп айтып коюшум керек, 13-марттан 19-мартка чейин Аксыда жалгаз мен жүргөм. Элди топ-топко бөлүп, нааразычылык акциясына даярдаган да мен болгом. Азимбек Бекназаров камакта эле. Топчубек Тургуналиев болсо Бишкекте болчу. Экөө 19-март күнү Азимбек Бекназаров камактан чыккан соң Аксыга барышкан. 13-марттан 19-мартка чейин Аксыда менден башка бир дагы укук коргоочу, бир дагы журналист, бир дагы көрүнүктүү инсан болгон эмес. Журналист, укук коргоочунун баары 19-мартта барышкан.

- Ошолучурда Султан Урманаев Жалал-Абадда губернатор эмес беле, анын да күнөөсү барбы?

- Бийликтин өкүлү катары албетте күнөөсү бар. Бирок ал байкуш эмне кылсын, ал 16-март күнү эл менен жолукканы Аксыга келе жатканда аны Аманбек Карыпкулов: "Барбайсың, эл менен жолукпайсың. Турсунбек Акун чакырса эле бара бересиңби?" - деп жолдон кайра чакырып алган экен. Ошол күнү эл айылда түлөө өткөрмөк. Түлөөгө губернатор катышмак эле. Губернатор келе жатып жолдон кайра кетип калды дегенди эл угуп, ого бетер кыжырданган.

- Аксы окуясындагы күнөөлүүлөр өз жазаларын тиешелүү деңгэлде алыштыбы?

Тиешелүү кишилер эч кандай жаза алышпады. Акаев качып жок болду. Карыпкулов оо дүйнөгө узады. Зоотбек Кудайбергенов деген бар эле. Ошол учурда Жалал-Абадда облусттук прокурор болуп иштеген. Ал дагы жазаланбай, бүгүнкү күнгө чейин жылмаңдап ар кайсы кызматтарда иштеп жүрөт. Мына ушул Зоотбекке окшогон негизги күнөөлүүлөрдү аеосуз жазалаш керек эле. Тилекке каршы, жазаланышпады.

- Мурдагы президент Роза Отунбаеваны, Адахан Мадумаровду сындап, гезиттерге интервью берип жатасыз, алар жиниңизге катуу тийген го...

- Оппозиция жакында жыйын куруп, 2020-жылга чейин СДПКга атаандаш партия түзүшүбүз керек деп Роза Отунбаева айтты. Анын айтуусунда СДПК учурда бийликти ээлеп алган экен. Мен Роза Отунбаева, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Ахмат Келдибековго суроо берет элем, силер кантип биригесиңер? Түлкү, чөө, карышкыр, коён, арстан биригип иш кылганын элестетсеңер...Роза Отун-баева оор учурда өлкөнү башкарды, эддин сыйына ээ болду. Ошол сый-урматын, кадырын кетирбей, сыйга татыктуу бойдон калса жакшы болмок. Адахан Мадумаров, Темир Сариев буга чейин өздөрүн жакшы эле сынашты да. Бир эмес, бир нече жолу президенттикке талапкер болушту. Экөөнүн тең саясий партиялары бар. Добушка ээ боло алышпады. Эл колдободу. Тагыраак айтканда жыдышты. Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы жарты Кыргызстан болсо, Темир Сариевдин "Ак Шумкар" деген аты жакшы партиясы "Ак күйкө" болду. Андыктан жаңы партия түзүштүн, саясатка карай талпынып канат күүлөштүн эмне зарылчылыгы бар? Ойлонушса, жөн эле талпына бербей...

- Абдыганы Эркебаев дал ушул эки саясат-чыны мактап чыкпа-дыбы, буга кандай ой айтасыз?

- Абдыганы Эркебаевдики уят эми. Бийликке болгон таарынычын кантип чыгараарын билбей, ушундай жол аркылуу бугун чыгарууда. Абдыганынын жазганы боюнча, Сариев менен Мадумаров Кудайдын периштелери экен. Эки иниси Абдыганы жазгандай периште болсо, шайлоодо эмнеге жеңилишти? Эл эмнеге экөөнү колдободу. Ошондой эле саясий макаланы жазууда анализ, саясий фактылар туура берилиши керек. Абдыганынын жазган макаласында саясий фактылардын баары туура эмес экен. Чынын айтайын, мен саясатка Абдыганыдан биринчи келгем. Такыр бурмалап, туура эмес жазытыр. Кыскасы айтаарым, Абдыганы Эркебаев оппозициянын "дүжүр" чалы болбой эле койсо...

Мирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: “Фабула”

Последние новости