www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭБде орун алган коррупция боюнча комиссиянын жыйынтыгы кандай болуп чыгат жана күнөөлүүлөр табылабы?

— Ошентип, Дагы бир ТЭЦтеги чуулгандуу чоң коррупция калкып чыга келди. Кечээ, 600 долларга аттиш, 14 500 долларга видео байкоочу камера алынганы маалым болду. Ушул кантип болсун, кудайды карап калп айтышпайбы? Каратып туруп калп айткан өкмөттө бет барбы? Булардын былыктары четинен чубап баштады го чиркин. Анан аргасыз миллиондорду тууралоо үчүн 5000 ден 15000 сомго чейинки камераны 14 500 доллар деп, эң кымбаты 300 сомдун тегерегинде болгон аттишти 600 доллар деп издерин жашырууга аракет кылышканы да коомчулукка бакыйып билинип калып, бул ишке тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнүн түн уйкулары бузулуп, эмне кылаар айлаларын таппай турган чактары.

Балким качып кетүүнү да ойлонуп жатышса керек, бул ууруларды качырбай кармап калып, жегенин кустуруу учурдун талабы. 386 млнду ойду-келди жумшагандар, сол чөнтөккө сологондорду тез арада кылмыш жообуна тартуу абзел. Ортодо аткаруучу жетекчилерди, карапайым кызматкерлерди эмес, жогору жактагы акчаны мыкчып кармап олтурган лөктөрдү жоопко тартуу керек. Эгер президент Сооронбай Жээнбеков ошол лөктөрдү саясий эрктүүлүк көрсөтүп жоопко тарта алса эл арасында аброю артып, карапайым калктын колдоосуна ээ болот жана өлкөдөгү эбегейсиз каражат сарпталган чуулгандуу коррупциянын бетин ачып, коррупционерлерди жазалаганы менен тарыхта калат.

-Бул коррупциялык элементтердин тамыры терең кетсе керек...

-ТЭЦ Атамбаевдин тушунда оңдолуп ишке берилген. Кийин толук реконструкциядан өткөн соң, анын ачылышына Атамбаев өзү барып лентасын кесип жатып, кубанычы койнуна батпай мактанып сүйлөгөн жайы бар. ТЭЦти оңдоо үчүн 386 млн доллар кеткени баарыбызга эле маалым, бирок ошол акча туура жумшалбаганы быйылкы кышта ачыкка чыгып олтурат. «Мактаган кыз тойдо осурат» болуп, ооз көптүрүп мактанган ТЭЦ бир күндүк 25 градус суукка туруштук бере алган жок. Мындай каражатка керек болсо жаңы ТЭЦ курулмак деп эксперттер айтып чыгышты.

Ортодо шаардыктар, бийликтин кетирген катачылыгынын айынан азап чегишти. Карапайым шаардыктарга келтирилген моралдык жана материалдык чыгымдары канча? Учурда бул акчанын конкреттүү кайда жумшалганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатканы маалым, бирок ошол териштирүү иштери туура жана адилеттүү болобу ошол жагы күмөн. Анткени, бул чуулгандуу коррупциялык схеманын жебеси акыры барып ошол учурдагы бийлик төбөлүнө такалып калсачы? Андыктан бул коррупциялык схемага тиешеси бар аткаминерлер аныкталып,  мамлекетке олчойгон зыян келиргендиктери үчүн сөзсүз мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости