www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин эң жакын досторунун бири, “Мадина” базарынын, “Прадо” эс алуу жайынын кожоюну Турсунтай Салимовдун кабары ың-жыңсыз кеткени качан. Учурда ал чет элде жашырынып, алактап жүрөт. Кылтыңдаган Турсунтай былтыркы президенттик шайлоодо астыртан Ө.Бабановго иштей коём деп жүзүн ачып алган. Көлөкөсүнөн корккон көпөс кийин Бабановдун артынан изин сууткан.

Турсунтайдын аты Бишкек ТЭЦинин чуусунда да аталган – аны депутаттык комиссия модернизация долбооруна жана андагы коррупциялык иштерге катышы бар 30 адамдын катарында атап, аракеттерине укуктук баа берүүнү сунуштаган.

Эгерде коррупцияга каршы күрөшү чындык болсо азыркы бийлик ушул Турсунтай Салимовго кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартышы керек. Анын бизнесте Атамбаевге таянып жасаган жоркуктарын, 2010-жылы уйгурларды козутуп сес көрсөткөнүн, туугандарын ар дайым сепаратисттик маанайда кармап келгенин ж.б. толгон кылыктарын тергөө органдары иликтеши зарыл.

Турсунтай Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын катарында, 2012-жылы анын байлыгы 250 млн доллар деп бааланган.

Салимов Турсунтай Аблизовичке тиешелүү фирмалар:

- “Бент Дордой” ЖАК (Турсунтай Салимов, У.Салымбеков);

- “U.K.Group” ЖЧКсы (Сапаков Кубанычбек, Турсунтай Салимов, Шаукет Тохтиев, Уйгур Абдул Гаффар);

- “Карион ЗиЛ” ЖЧКсы (Турсунтай Аблизович Салимов, Курманбек Кубатбеков, Акбар Аблизович Рыскулов);

- “ЗиЛ Company” ЖЧКсы (Турсунтай Аблизович Салимов, Акбар Аблизович Рыскулов);

Рыскулов Акбар Аблизовичке (бир тууганы) катталган фирмалар:

- “Евро-Пласт” ЖЧКсы (Акбар Аблизович Рыскулов, Хаджиев Журат, Талгатбек Абаев)

- “Футбольный клуб “Динамо” ЖЧКсы (Акбар Аблизович Рыскулов, Юрий Ковалев)

- “Гулбак” ЖЧКсы (Мадина Акбаровна Турдиева, Зульфия Чонкожоева, Маннан Умуэрбекэ)

- “Федерация рукопашного боя Кыргызской Республики” КБ;

- “Янги Хаят” ЖЧКсы (Акбар Аблизович Розиев, Ибраимов Бакытбек, Хаджиев Журат);

- “Gunel-PVC”ЖЧКсы (Акбар Аблизович Розиев, Журат Хаджиев, Мехмет Фырат, Мустафа Гюнел, Талгатбек Абаев, Ишхан Чатоев);

Салимов Аблеким Аблизовичке (бир тууганы) катталган фирмалар:

- “Бишкек Май” ЖЧКсы (Аблеким Аблизович Салимов, Шаукет Тохтиев)

- “Жибек” ЖАКы (Аблеким Аблизович Салимов, Шаукет Тохтиев ж.б. 10 киши)

Салимов Эркин Турсунтаевичке (уулу) таандык фирмалар:

- “Мадина-Текстиль” ЖЧКсы (Эркин Турсунтаевич Салимов, Лу Лингао, Хайрула Рехемудула)

- “Мадина” ЖЧКсы (Эркин Турсунтаевич Салимов, Тохтиев Тахирджан, Салимов Нуршат, Алиева Мастураой);

- “Мадина Логистик-Системс” ЖЧКсы (Эркин Турсунтаевич Салимов)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости