www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БИЛДИРҮҮ

Кыргызстандагы Улуттук- Мекенчил күчтөрдүн биримдиги-КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин демилгеси менен 2017-жылдын 23-май күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда миңге жакын адам катышкан Улуттук Курултай болуп өткөнү коомчулукка маалым. Анда  Элдик Курултай институтун мамлекеттик бийлик бутактарын көзөмөлдөөчү жана багыттоочу ыйгарым укуктары менен мыйзамдаштыруу, КРнын жарандык паспортунда улутун ачык, так көргөзүп жазуу талабы  көтөрүлүп, кабыл алынган чечимдер бийлик бутактарына жөнөтүлгөн.

Бир айдан ашык убакыттын ичинде  Мамлекеттик бийлик бутактарынан “Сиздердин жөнөткөн кат каралып жатат, тигил же бул тарапка кароо үчүн жөнөттүк”-деген сыяктуу жооткоткон жооптор келди. Элдин кызыкчылыгына ылайык эч кандай иштиктүү кадамдар болгон жок. Мамлекеттик бийлик органдары тарабынан Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү аракети байкалбайт.

Кыргызстандагы Улуттук –мекенчил күчтөрдун биримдиги-КУМКБнын алдында түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңеш өзүнүн кезектеги жыйынында  Улуттук Курултайдын чечимдеринин аткарылышы жөнүндөгү маселени талкуулап, ТЭКтин мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен төмөнкүдөй иш аракеттерди  баштаарын билдирет:

1.Элдик Курултай институтун  өз ыйгарым уктары менен Конституцияга  киргизүү маселесин ишке ашыруу максатында-  мыйзам чегинде мүмкүн болгон шарттардын баарын колдонуп,  чечкиндүү иш -аракеттерге өтүү;

2.КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 Токтому менен жарандык паспорттогу улуту ачык көрсөтүлгөн графанын алынып салынышы кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгына каршы келгендиктен,  аталган Токтомду жокко чыгаруу үчүн Конституциялык Палатага  берүү;

3.КРнын  Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары өздөрү иштеген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик-улуттук кызыкчылыкка төп келген маанилүү бир да маселени чече албагандыгы, компотентсиздиги коомчулук алдында айкын болгондуктан,  Улуттук  Курултайдын чечимине  таянып таратуу демилгесин баштоо;

4.Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги-КУМКБ Президенттик шайлоо жарышына бирдиктүү талапкер чыгарбай,  Элдик Курултай институтун мыйзамдаштырууну туура деп эсептеген, улуттук баалуулуктардын негизинде өнүгүүнү программасына киргизген талапкерлерге колдоо көрсөтүү;

5.Эгемендиктин жылдары сырттан таңууланган коомдук-саясий түзүлүш, идеологиялык багыт өзүн толук жараксыздыгын айгинелегендиктен, КРнын мындан аркы өнүгүү жолун Улуттук-мекенчил нукка бурууга жетишүү үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин, тынчтык протестик акцияларды жандуу жүргүзүү чечими кабыл алынгандыгын билдирет.       

 Бишкек ш. 2017-жыл,28-июнь      

Булак: NazarNews.kg

Последние новости