www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Витебск шаарында актердун өлүмүнө карабастан, өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы коронавирус инфекциясын ийгиликтүү жеңип чыгат деп билдиргенин БЕЛТА маалымдады.

Беларусь лидери мындай билдирүүнү Республиканын Улуттук жыйнынын төрагасы Наталья Кочанова менен жолугушууда жасады.

Лукашенко Витебск шаарында мурда коронавирус диагнозу коюлган актердун өлүмү жөнүндө сөз кылып жатып, анын башка дагы оорулары бал болчу экенин баса белгиледи.

“Аялынын (ал менен бирге жашаганда), кызынын ден соолугу чың. Себеби, иммунитет күчтүү. Ал болсо, көтөрө алган жок. ИВЛге оор пневмония менен жаткырылган, сактап калууга аракет кылышты”,-деп президент айтып берди.

Ошондой эле, өлкө тургундарын карыларды коргоого үндөдү. Анткени, алар дын “иммунитети алсырап калган жана көп оорулары бар”.

“Чириген батирлерде камап кою бул-ыкма эмес. Бул батирлерде элдерди өлтүрүп жатабыз. Чек араны жаап, адамдарды үйлөрүнө киргизүүнү ордуна, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү керек. Эсиңизде барбы, бизди сасык тумоо жана башка ооруларда эшикке чыгып, таза аба дем алып, бөлмөнүү желдетүү керек деп үйрөтүшкөн”,-дейт өлкө башчы.

Лукашенконун айтымында, Беларусияда дарыгерлердин аракетинин аркасынан жүздөн ашуун адам коронавирустан айыкты.

“Элдер өздөрү, өзгөчө кары адамдар өзүн ойлош керек. Жаштар буга чейин оруп, айыгышкан жана бул вирустан деле өтүп кетишет. Биз мындан качып кутула албайбыз. Бирок, өзүңдү коргош керек болгон жерден коргошуң керек”,-деп Лукашенко баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости