www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тууралуу узун сабак кептер ММКга чыгып келет. Маселен, Жыргалбек Күрүчбековичтин бир учурда «Востокэлектрого» жетекчи болгону, ал жерден коррупциялык элементтерге жол берип, «акылдуу эсептегичтерди» сатып алууда мамлекетке чыгым келтиргени үчүн кылмыш иши козголгону, кийин табышмактуу жагдайлардан улам ал кылмыш иши токтотулганы ыраспы?

Бирок, бул боюнча өзү үн ката элек. «Демек, күнөөсү барбы?» деген суроо жаралбай койбойт. Бир учурда кылмыш иши козголсо, анан эми Жогорку Кеңеште бакандай фракцияны жетектеп отурганы кандай? Президент Сооронбай Жээнбеков «мурда козголуп, бирок токтотулган кылмыш иштер кайра жанданат» деп айткан жайы бар. Ошондой эле «коррупционерлердин атын атагыла, аларды жашырбагыла» деп да баса белгиледи. Мындан улам Турускуловдун да баскан изи иликтенеби? Бир кездеги кылмыш иши ашкереленсе, Күрүчбекович кыйналып калбайбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости