www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түш тууралуу чындыктар

Түш жөнүндө сүйлөшүп, ой жүгүрткөндү баарыбыз жакшы көрөбүз. Түшүнүүгө аракет кылып, маанисин чечмелегенге шашабыз. Чындык менен түштү байланыштыруубуз, кызыгуубуздун артышына себеп болот. Деги, түш тууралуу эмнелерди билебиз? Мына ушул жаатта NazarNews маалымат агенттиги материал даярдады.

1.    Азиз адамдар түш көрөбү?
Данияда жасалган изилдөөлөр таң калаарлык жыйынтыктарга жол ачкан. Көзү азиз 50 кишинин көргөн түштөрү төрт жума бою жазылып алынып, изилдөөгө берилген. Бул процессте кийинчерээк көрбөй калган адамдар бираз да болсо түш көрөөрү, ал эми тубаса азиздердин абдан аз түш көрөөрү билинген. Ал эми коркунучтуу түштөргө келсек, азиз адамдар катардагыларга салыштырмалуу коркучтуу түштөргө көбүрөөк кабылышат. Андай түштөр машинага сүзүлүү, адашып кетүү же жакынын жоготуу сыяктуу абалдар менен коштолот. Бирок, ушул учурда психологдордун кеңеши роль ойнойт. Алардын айткандарына караганда, коркунучтуу түш көрсөңүз көп кайгыра бербеңиз. Мындай түштөр сизди турмуштун ар кыл оор сценарийлерине даярдап жатат. Башкача айтканда, түштө көрө берип, жашоодо беттеше турган кыйынчылыктарга туруштук бергенди үйрөнөсүз.

2.    Түш көрүп жатып көйгөйлөрдү чечсе болобу?
Гарвардда уйку проблемалары боюнча изилдөө жүргүзгөн Дейрдре Барреттин көз карашы боюнча түштү контролдоого болот. Эгер жашоодо чече албай жаткан көйгөйүңүздү түштө дагы көрсөңүз, аны чечүү жолдорун табышыңыз ыктымал. Башыңызды жаздыкка коюп жатып, проблема жөнүндө ойлонуңуз. Ошол бойдон уктасаңыз, түшүңүздө да ошол проблеманын үстүндө ой жүгүртүп, аны чечүү жолдорун табууңуз мүмкүн.

3.    Наристелер түш көрөбү?
Неврологдордун айтуусу боюнча наристелер түш көрүшпөйт. Бирок америкалык окумуштуу Дэвид Фулкес 4-5 жашка келгенде түш көрө баштаарын айтат. Анткени, бул жашка чейин бөбөктөрдүн фантазиясы өнүгө элек болот. Уйкуга кирип, түш ааламында кезип жүргөндөй сезилген наристелер физикалык муктаждыктын гана ордун толтурушат. Анан да эртерээк чоңоюунун.

4.    Түш жорууларга ишенүүгө болобу?
Көргөн түшүбүздү жорууга шашып, ар кыл булактан маалымат издей баштайбыз. Бул тууралуу клиник-психолог Джефри Самбер түшкө кирген обьекттердин мааниси өзгөрмөлүү экенин айтат. Башкача айтканда, бир обьект кишилерге жараша, ошондой эле түштө жашаган сезим боюнча да айырмаланат. Бир эле обьект башка түштө таптакыр башка маани бериши мүмкүн.

5.    Түш фантазияны күчөтөбү?
Пол Мас'Картнейдин “Yesterday” аттуу чыгармасынан тартып көптөгөн кино, ыр же китептердин илхам булагы – түштөр... Ооба, түштөр адамдын фантазиясын арттырат. Себеби, коомдук турмушта иррационалдуу ойлонуу туура эмес экендигине байланышкан укмуш эрежелер аң-сезимибизге жайгашып алгандыктан, чыгарууга күчүбүз жетпей келет. Түш дегенде эле бардык пардалар жабылып, чектөөлөр чыга баштайт. Түштө гана мүмкүн, жашоодо мүмкүн эмес деген ойго такалабыз. Адистер, уйкунун төртүнчү баскычы катары билинген REM уйкусунда түш көргөндөрдүн логикалык оюндарда катардагыларга салыштырмалуу ийгиликтүү экендигин айтышат. Ошондой эле,  идеалдуу уйку мөөнөтү деп эсептелген 8 сааттын мааниси да фантазия үчүн орундуу. 8 саат уктаган адамдын креативдүү идеяларга бай экендиги белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости