www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араб аялдары эмне үчүн нике түндөн коркушат?

Арабиянын Чыгышындагы өлкөлөр бирдей мыйзамдар менен кошо үрп-адаттары менен белгилүү. Өзгөчө көңүл аялдарга, алардын никесине, жүрүм-турумуна жана үйлөнгөндөн кийин эркектерге болгон мамилесине бурулат. Дин жана мыйзамдар жүрүм-турумду калыптандырат жана көбүнчө чечимдин "эркине" же "каршы" болууга себеп болот. Биринчи “нике түн” кыздын жашоосундагы маанилүү окуя, бирок мусулман аялдар бул окуяны өзгөчө коркуу жана коркунуч менен күтүшөт.  Мусулмандардын үйлөнүү тоюндагы өзгөчөлүктөр ырым-жырымдар жана үрп-адаттар. Мусулман дининде бир канча ырым-жырымдар бар. Ал ырымдар жаңы үйлөнгөн жаштарга карай колдонулат. 

1. Биринчи түндө кыз менен жигит жакындашпайт, айрыкча жубайы “кыз” болсо, бул үчүн жаңы үйлөнгөндөргө бири-бирине жакыныраак таанышуу үчүн бир нече күн берилет. 
2. Жакындыктан баш тартуунун себеби ден соолугунун начардыгы же алдыда оор күндөр болушу мүмкүн. Эгерде кыз биринчи жолу эркек киши менен болуп жатса, анда күйөөсү аны менен 7 түн өткөрүүгө милдеттүү, эгер жок болсо, анда 3 гана.

3. Ынак мамиледе болуу үчүн, салт боюнча жубайлар бөлмөдө таптакыр жалгыз болуш керек.

4. Нике түнү айланасында жаныбарлардын болушуна жол берилбейт. 

5. Куранга ылайык, процесстин бүтүшүн күтүп, эшиктин сыртында колуктунун күнөөсүз экендигин тастыктаган кандуу чүпүрөктү күтүп адамдар айланчыктап турат. Эгерде Куран китеп ал бөлмөдө болсо, бөлмөдөн алынып салынат же жоолукка оролуп, көздөн алыс коюлат.

6. Ушул түнү, күйөө баланын негизги милдети - колуктуну карап, аны жемиштер, таттуулар (баклава, бал) менен сыйлап ага өзгөчө сый мамиле кылуусу. Той күнү эркек киши өзгөчө камкор болушу анын келечектеги үй-бүлөлүк жашоосуна таасир берет деген ишеним бар.

7. Эркекке аялынын денесин кароого тыюу салынат, айрыкча биринчи түнү бул уялууга алып келиши мүмкүн. 

8. Өз кезегеинде жубайы нике түндөн же болбосо күйөөсү нике түндөн баш тартууга тыюу салынат. Эгерде нике түндө бири-бирине суук жана кайдыгер мамиле жазаса жаш жубайлардын ортосундагы ыңгайсыз абалды курчутуп, келечектеги жашоого терс таасирин калтырат деген ишеним бар.

9. Арабдар үйлөнгөндөн кийин эртең менен даарат алуу каадасы бар, бул өзгөчө мусулмандарга парз. Араб аялдары нике түн тууралуу маалыматы кенен болбогондуктан коркуу сезими менен жашайт.

Демек, нике алар үчүн коркунучтуу, ал жөнүндө ачык айтууга болбойт, никедеги жашоону араб аялдары оору, коркунуч жана уят менен салыштырат.
Эгерде сиз  капысынан, жергиликтүү аялдар форумун окуп калсаңыз жаш араб аялдарынын эң чоң коркунучу бул кыздык белгиден айрылгандан кийин кандын жоктугу.
Эгерде жубайынан кан чыкпаса эркек аялынын тазалыгына шек келтириши мүмкүн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости