www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда жашаган кыргыз жаранынын кыргыздарга сунушу

Кореяда жашагана белгисиз кыргыз жаранынын пикирин социалдык тармактан алып, окурмандарга жарыялоону чечтик.

Мен Түштүк Кореяда иштеп, жашап жатам. Бул жак - тойканалардын эмес, завод, фабрика, чакан ишкана жана теплицалардын мекени экен. Бул жакта кедей жок, бирок байлары да Лексус 470, 570, Тойота 200, Гелендваген, Кадиллак, Хаммер ж.б. чоң джиптерди эмес, эконом класстагы автоунааларды айдашат, м.а. ысырапка жол беришпейт экен. 3 айдан бери ондогон шаарларына бардым, Кыргызстандагыдай бир да ЗАГС кортеж көрбөдүм. Канча бай болсо да текебер эмес, мээнеткеч инсандар. Себеби, завод, фабрикалардын миллионер ээлери жумушчулары менен чогуу иштеп, чогуу тамактана берет.

Бул жакта уурулук, «уруп кетти», «өлтүрүп кетти», «алдап кетти», «акчасын бербей койду» жок.

Кореялыктар көчөдө автоунаа жуубайт, таштанды таштабайт, мыйзамды сактайт. Полиция жолдо токтотуп, документ текшербейт, ГАИ жолдо туруп токтото бербейт. Пара берген же алган адам жок. Адамдар, автоунаалар - баары тартип менен, жол чыракка карап кыймыл аракет кылат, ДТП көрбөйсүн. Автобуска аялдамадан гана чыгып, түшүшөт. Ажатканаларынын тазалыгын айтпа - ал тургай музыка, кондиционери менени да бар.

Бул постту жазуудагы менин максатым - биздин эл да өз мекенибиз болгон бейиштей Кыргызстанды аясак, таштанды таштабасак жана ысырапка жол бербесек, ар бирибиз пейилибизди оңосок жана болбогон нерсебизге текеберленбесек, тартипти сактасак, өлкөбүздү оңоп коймокпуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости