www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекке Түштүк Кореянын Сеул шаарынан Алматы аркылуу келген 21 кыргызстандык карантинге киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги аныктады.
Казак басылмаларынын маалыматында, Сеул — Алматы каттамы менен жүргөн учак коронавирус күч алган Түштүк Кореядан 5-март күнү 197 кишини алып келген. Казакстандыктардан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Украинанын жарандары бар болгон.
Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алып келинген жарандардын бардыгы карантинге киргизилгенин айтты. Маалыматка караганда, аларда илдеттин белгиси жок, абалдары канааттандырарлык.
Эске сала кетсек, ушул тапта Кыргызстанга Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын жарандарынын киришине чектөө коюлган. Бул мамлекеттерден келген кыргыз жарандары эки апталык карантинге өтүүгө милдеттүү.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Түштүк Кореяда COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 6284 кишиге жетти. Алардын ичинен 40ы көз жумуп, 135и айыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg